Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Азиза Турдуева, Бишкек 1-ноябрда Кыргызстанда милиция күнү белгиленди. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 79 жыл толду. Бул күнү милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын Бишкектеги Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү.

Салтанаттуу жыйында адегенде өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады:

- Бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 79 жыл толуп отурат. Кыргыз милициясы акыркы 12 жылдан бери көз карандысыз республикада кызмат өтөөдө. Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери дайыма коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту коргоп келет. Ал эми Ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн «Келечек» аттуу жаштар кыймылы мамлекеттин жана атуулдардын коопсуздугун коргоодо, өзүнүн милдеттерин татыктуу аткарган жаш кызматкерлерди калыптандырууга көмөктөшүүдө. Урматтуу кесиптештер, ардагерлер, майрамыңыздар менен!

Субанбековдун айтымында соңку мезгилде өлкөнүн ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы чет мамлекеттердин жардамы менен жакшыра баштады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин саны бүгүнкү күндө 7700гө жакын адам. Министрликтин кызматкерлеринин саны акыркы 4 жылдын ичинде 7,5 миң адамга кыскарган. Президенттин өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо жөнүндө жылдын башында кол койгон жардыгына ылайык, министрлик тарабынан тармакты реформалоо концепциясы иштелип чыккан. Реформанын негизги максаты - милиция ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо, өлкөдө кылмыштуулукту кыскартуу жана кадрларды даярдоону жакшыртуу.

Милиция кызматкерленинин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу жыйында президент Аскар Акаев соңку жылдарды өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөгөнүн белгилеп өттү:

- Кылмыштуулукка каршы күрөөшүүдөгү ийгиликтер Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөнүн атуулдарына бейпил турмушту камсыз кылалат деп ишенүүгө негиз берет. Соңку жылдарда өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө бөгөт коюлду. Кылмыштардын ачылышы жогорулады. Атуулдук коом менен милициянын ортосундагы байланыштар бекемделе баштады.

Ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаевдин айтымында, өлкөдө коррупцияга карршы күрөшүүдө ийгилик болушу үчүн бир гана ички иштер органдары эмес, башка күч структуралары да жигердүү иштеши зарыл:

- Коррупцияга каршы биз баарыбыз биргелешип күрөш жүргүзүшүбүз керек. Мисалы, өткөн 9 айдын ичинде биз прокуратурага өтө чоң паракорлук менен байланышкан 20 ишти өткөрүп бердик. Коррупция деген оор кылмышка киргенден кийин, алар жоопко тартылышы керек эле. Бирок, 20 жогорку кызматтагы чиновниктердин ичинен бири да жоопко тартылган жок.

«Өткөн жылы милиция кызматкерлеринин эмгек акысы 50% көбөйгөнүнө карабастан, учурда да ал акча деле жетишсиз» дейт Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов.

- Бүгүнкү күндө жаңыдан милицияга келгендердин орточо эмгек акысы 600 сом. Ал эми кичи лейтенант наамы бар милиция кызматкерлеринин эмгек акысы 800 сомдой. Бул эмнеге жетет?

Учурда ички иштер органдарында калк менен болгон байланышты жакшыртуу жолго салынып жатат. Мындай иш-чаралар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө ачык мүнөз берүү максатында жүргүзүлүүдө. Ушул жылдын август айынан тарта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча программасы иштей баштады.
XS
SM
MD
LG