Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ӨКҮЛҮНҮН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫ УЛАНУУДА


1-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари президент Аскар Акаев менен, жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алмашты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари мырза менен жолугушууга Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын атынан Кыргызстан юристтер ассоцациясынын төрагасы Шамарал Майчиев, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун президенти Эдил Байсалов, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоцациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева жана «Психикалык саламаттык» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева чакырылып, катышышты. Эдил Байсаловдун айтымында, Марти Ахтисаари мырзага ал акыркы ирет май айында келгенден бери Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатында кандай иштер аткарылып, кандай убадалар сөз жүзүндө калып жатканы талкууга алынды. Жолугушууда 2002-жылдын март айында Аксыда адам канына забын болгондор мыйзам алдында жоопко тартылбай жатканы тууралуу сөз болду. Ал тууралуу Эдил Байсалов мындай деген пикирин ортого салды:

- Президент Аскар Акаев былтыр апрель-май айларында «Аксы окуясына күнөлүүлөр бар, аларды жазалашыбыз керек» деген болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин эч ким жазалана элек.

Эдил Байсаловдун айтымында, Марти Ахтисаари менен жолугушуу маалында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президент Аскар Акаевдин «2005-жылдагы шайлоого катышпайм» деген сөзүн колдоого алышаарын айтышкан:

- Быйыл 19-июлда президент Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоого барбашы тууралуу айткан сөзүн биз колдоого алаарыбызды да билдирдик, - деди Эдил Байсалов.

Жолугушууда Демократиялык кодекс тууралуу да пикир алмашуу болду. Маселен, «Демократиялык кодекс Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абалды жакшыртып, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттырат» деген пикирлер айтылып келатканы менен, ушул күнгө чейин Демократиялык кодекстен калың элдин, атургай, саясатчылардын да кабары аз.

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоцациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Марти Ахтисаари мырза Шайлоо кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоого алаарын билдирген.

- Жаңы Шайлоо кодекси кабыл алынганы жатпайбы. Кайсы өзгөртүүлөрдү колдоого алаарыбызды, кайсынысына каршы экенибизди айттык. Эгер Шайлоо кодекси кабыл алынып калса, анда бир катар мыйзхамдаргы да өзгөртүү киргизүү зарыл болот, - деди Токтайым Үмөталиева.

Ушул эле күнү ЕККУнун Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари мырза президент Аскар Акаедин кабыл алуусуунда да болду. Мамлекет башчысынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Аскар Акаев ЕККУ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык иш жүзүндө алгачкы жемиштерин бере баштагынын белгиледи. Анын айкын мисалы катары президент Акаев ЕККУнун Бишкекте ачылган Академиясын жана Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча долбоорлорун атап өттү. «Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен тыгыз иштешип жаткан Борбор Азиядагы бирден бир мамлекет болуп эсептелет», - деп билдирди Аскар Акаев.

ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо боюнча программасынын 6-беренеси айрым бейөкмөт уюмдардын нааразылыгын жаратканы белгилүү. Алсак, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, Адам укуктары боюнча бюросу баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар ЕККУнун кыргыз милициясын колдоого алышына каршылык билдирген позициясынан тайбай келатышат. Укук коргоочулардын айтымында, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюм милицияны куралдандырууга жардам бербөөгө тийиш эле. ЕККУнун адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысынын ага кеңешчиси Барри Майерс 13-августта Кыргызстанда журналисттерге берген маегинде кыргыз милициясына айрымдар айтып жүргөндөй автомат жана октор эмес, өрт өчүрүүүчү баллондор бериле турганын маалымдаган:

- Автоматтар дагы, желим октор дагы берилбейт, менин сөзүмө ишенгиле,- деген болчу Барри Майерс.

Айта кетүүчү маалымат, ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо боюнча программасы быйыл 7-августтан баштап иштей баштады. Анын алкагында ЕККУ 3 млн. 600 миң евро өлчөмүндө кыргыз милициясына жардам берет. Уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари мырза 31-октябрда ЕККУнун бул программасынын кандай иштеп жатканы менен таанышты. 2-ноябрда Марти Ахтисаари Алматага жөнөп кетет.
XS
SM
MD
LG