Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

ИРАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ


АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы негизги салгылашуулар аяктады деп жар салганына 1-ноябрда туура жарым жыл болду. Бул күнгө карата курман болгон америкалык аскерлердин саны 120дан ашты. Жешемби күнү баш калаа Багдаддан алыс эмес жерде америкалык вертолет атып түшүрүлдү. Андан кеминде 15 жоокер набыт кетти, дагы 20 чактайы жаракат алды. Жоготууларга карабай АКШ армиясы Иракты мөөнөтүнөн мурун таштап кетпей турганын Буш жарыя кылды. Ал эми Багдадда бул апта соңун оккупациялык күчтөргө “каршылык көрсөтүү күнү” деп белгилөөгө үндөгөн баракчалар пайда болгону маалымдалууда.

Адатта машиналарга толгон Багдаддын көчөлөрү ишембиде тым-тырс болуп турду. Демейде окуучулардын үндөрү жаңырып турчу мектеп-университеттер дээрлик бош болду. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көпчүлүк эл үйлөрүнөн чыкпай отурууну чечишти”, - деп маалымдайт Багдаддагы кабарчыбыз Валентинас Мите.

Президент Буш Ирактагы негизги салгышуулар аяктады деп жарыялаганына 1-ноябрда туура алты ай болду.
Багдаддын көчөлөрүндө бул апта соңун “каршылык көрсөтүү күндөрү” катары белгилөөгө чакырган жана үч күндүк иш таштоого үгүттөгөн баракчалар жөнүндөгү имиштер пайда болду. Ошол баракчаларды көргөн кишилер бирин-серин болгону, ал эми каңшаар кептин булагы беймаалым экени кабарланганы менен, АКШнын Багдаддагы консулдук кеңсеси террордук акциялардын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.

Баш калаадагы ири банктардын бири “ар-Рафадинин” коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, Ирак полициясынын капитаны Фираз Йовард полицияга жардыруулар жөнүндө маалымат түшкөнүн, ошол себептен банкты кайтарууда кошумча иш-чаралар көрүлгөнүн айтты. Маалыматтын булагын атоодон баш тарткан капитан, мындай кабар полицияга дээрлик күнүгө түшөөрүн кошумчалады. Анын пикиринде, баракчалар жана апта соңуна белгиленген терракттар жөнүндөгү сөздөр кадыресе көчө ушагы, бирок акыркы жардыруулар эл арасында кандайдыр бир кыйын-кычык маанайды пайда кылды:

- Биздин эл ар бир имишти, ар бир кепти чындык катары кабыл алууга даяр. Анткени төрт-беш күн илгери тигил, бул жакта болгон жардыруулар элдин жүрөк үшүн алып койбодубу.

Айрым багдаддыктар болсо коркууга алдырбай, үйлөрүнөн чыгып, көчөлөрдө басып жүрүштү. Мисалы, Бесма аттуу кыз университетке барып, көпчүлүк окутуучулар келбегендиктен, кайра үйүнө кайтып кетүүгө мажбур болгонун кабарчыбызга баяндады.

Ишемби күнү кечинде АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер пресс-конференция өткөрдү. ”Ыктымал терракттарга байланыштуу Багдаддын көчөлөрү ээн калганын кандай комментариялайсыз, бул баш калаа АКШ армиясынын контролдугунан чыкты дегенге жатабы?” - деген суроого Бремер мындай жооп кайтарды:

- Менин билишимче, мектептерде гана киши аз болду. Жалпы иш таштоо байкалган жок. Шаардагы иштер кадимкидей эле активдүү болду.

Бремер ошол эле маалымат жыйыныныда АКШ Ирактагы башкаруучулукту мүмкүн болушунча тез арада ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүгө дилгир экенин билдирди:

- Биз өлкө үчүн жоопкерчиликти ирактыктарга өткөрүп берүү жараянын ыкчамдатабыз. Коргонуу иштеринде, террор менен күрөшүүдө алар негизги ролду ойношу керек. Бул ирактыктардын мекени, алардын келечеги. Мартка чейин жарандык коргонуу бөлүктөрүн эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Ирак армиясы менен профессионалдуу полиция күчтөрүн машыктырууну да тездетмекчибиз.

Ал эми АКШ президенти Жорж Буш өзүнүн радиокайрылуусунда аскерлерди мөөнөтүнөн мурун Ирактан чыгарып кетүүнү көздөбөй турганына басым жасады:

- АКШ Ирактагы ишинин өтөлүнө чыгат. Иракты калтырып чыгып кетүүбүз террорчулардын чырагына май тамызат. Ошону менен Америка үчүн да коопсуз жагдай жаралат. Биз бул жерде кала берүүгө, жеңишке чейин күрөшүүгө чечкиндүүбүз.

XS
SM
MD
LG