Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

БАЛТИКАНЫН ПОСТСОВЕТТИК ӨЛКӨЛӨРҮ - ЭКОНОМИКАДАГЫ “ЖАШ ЖОЛБОРСТОР”


Жарым жылдан кийин Европа Биримдигине кошулганы турган Латвия, Литва жана Эстониянын экономикасы акыркы жылдары күргүчтөп өсүүдө. Европа комиссиясы өткөн жумада жарыялаган маалыматка караганда, Балтика боюндагы мурдакы советтик үч республиканын өсүү ыргагы Евробиримдикке келерки жылы мүчө болуп өтчү калган 7 өлкөдөн бир кыйла жогору. Оргуштаган экономикалык өсүүнүн сыры эмнеде? Европа комиссиясынын эсеби боюнча, үстүбүздөгү 2003-жылы Латвия, Литва жана Эстониянын ички дүң продукциясы 6,6 процентке өсөт. Евробиримдиктин аткому болгон Еврокомиссия - Балтика боюндагы мурдакы советтик үч республиканын экономикасындагы оргуштаган өсүүнү эл чарбасынын бардык тармактарына инвестициянын көп салынганы менен түшүндүрөт.

Вилньюс банкынын эксперт-кеңешчиси Гитанас Наседа Литванын экономикасындагы абалды жазда кирген сууга салыштырат.
“1999-2000-жылдары коңшулаш Эстония менен Латвиянын экономикасы күргүчтөп өсүп жатканда, Россиядагы кризистен демигип калган Литва эсин жыйып жатты. Өлкө тыныгууну туура пайдаланды: компаниялар убакытты өндүрүштү модернизациялоого сарпташты. Анын үзүрү кайтты”,- дейт Наседа мырза.

“Өкмөттүн кирешесин өндүрүшкө жумшаган ишканаларга жеңилдик берүүсү, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү жана туруктуу фискалдык саясат-бул үч жагдай өлкөдөгү экономикалык өсүүгө өзгөчө түрткү болду”, - деп кошумчалайт Литванын Эркин экономика институтунун вице-президенти Рути Вайнине айым.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, быйылкы жылдын алгачкы 9 айында Литванын экономикасы 8, 1 процентке, өнөр жай продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 15 процентке өстү. Негизги товарлардын баасы 2 процентке жакын арзандады. Жумушсуздардын саны да кескин азайып, 9, 3 процентти түздү. Бул акыркы төрт жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Еврокомиссиянын боолгошунча, Литва, Латвия жана Эстониянын экономикасы келерки жылы 5,7 процентке, ал эми 2005-жылы 6 процентке өсөт.
Мындай оң жылыштар, Эстония банкынын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Андрес Саарниттин сөзүнчө, туруктуу экономикалык саясатка жана ишкерлер үчүн жагымдуу жагдайдын түзүлгөнүнө байланыштуу.

Эксперттер ошондой эле Балтика жээгиндеги мурдакы экс-советтик үч өлкөнүн экономикалык ийгилиги: тыш өлкөлөрдөн алынган карыз акчалардын сарамжалдуу пайдалануусу, өкмөттүн инвестиция кандай жумшалганын коомчулуктан жашырбай, ал боюнча парламент алдында ачык маалымат берип турганына байланыштуу деп белгилешет.

Литва илимдер академиясынын Экономика институтунун мүдүрү Райта Карните айым 13 жыл мурда Москвадан күнкорсуздук алган Балтика боюндагы үч өлкөнүн экономикалык өсүү ырааты өтө жогору болгону менен, аларда пайдаланылбаган мүмкүнчүлүгү али көп деп санайт.

Евробиримдикке келерки жылы мүчө болуп кирчү өлкөлөрдүн ичинен Балтика республикаларынын экономикалык өсүү ырааты бийик болгону менен, жан башына өндүрүлгөн ички дүң продукциянын көлөмү жагынан көч артында.
Ошон үчүн, экономикасы салыштырмалуу жакшы өнүккөн жана калкынын жашоо деңгээли жогору өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы жайыраак өсүүдө. Себеби, алар постсоветтик өлкөлөргө караганда көбүрөөк күч жумшоосу шарт дейт Эстониянын экономика министрлигинин башкы адиси Марио Ламбинг.
XS
SM
MD
LG