Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Кыргыздын кайталангыс шыктагы алп комузчусу, Композиторлор биримдигинин мүчөсү, эл артисти Карамолдо (Токтомамбет) Орозовду замандаштары тирүү кезинде көзүнчө да, көзү жок жерде да «элдик музыканын тирүү классиги» дешкен. Эгерде комузчу тирүү болгондо быйыл 120 жашка чыкмак. Бүгүнкү күндө республиканын маданий коомчулугу алп комузчунун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилегени турат.



«Бөжүгөн бөксө тоодо, кара жолдо,
Бөжүгөн өрдө, белде, талаа, жондо,
Суу куюп чыны койсо соорусуна,
Чайпалып-чачылбаган ара жолго…
Жоргого салыштырсак Молдокемди,
Эмесе ошол жорго - Карамолдо!

Колдору колбу же бир кереметпи?
Болбосо кайдан чыгат керемет күү?!
Үч кылды үч булбулдай тааныштырып,
Уюткан уккан элди, тегеректи…
Болбосо боз торгойбу ободогу.
Бою эргип, кош канатын элеп өтчү?!

Байыртан жылдар жылып, болуп кылым,
Баркталган комузчусу комузчунун.
Баа берип, бардыгын тең таразалап,
Айтсак биз акыйкаттап, толук-чынын,
Алп экен ар кимиси өз алдынча,
Аа, бирок Карамолдо болуш кыйын!» деп, эл акыны Байдылда Сарногоев ырга кошкон Карамолдо (Токтомамбет) Орозов элдик аспаптык музыкадагы улуу муундагы шайырлардын арасынан өзгөчө кашкайып аткан таңдай, жадырап чыккан күндөй жаркын шыгы менен айырмаланган. Анын генийлиги, ойчулдугу, улуктугу, айкөлдүгү ар бир кыргыздын канына, жанына терең сиңген карандай кайрыктарында баяндалган залкар кара күүлөрүндө камтылган. Ал жарык дүйнөгө жарк эте келгенден комуз үчүн төрөлүп, күү үчүн жаралган. Карамолдо калкка улуу күүчү, комузчу-аткаруучу катары таанылган.

Элдик композитордун тирүү кезинде, дүйнөдөн кайтканда, туулган күндөрү белгиленген салтанаттарда республикалык маалымат каражаттарына залкардын өмүрү, ар тараптуу чыгармачылыгы, адамгерчилиги, элдик музыкага кошкон баалуу салымы жөнүндө замандаштарынын, кесиптештеринин, музыка сүйүүчүлөрдүн, коомдук ишмерлердин, акын-жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн ондогон ар кандай маңыздагы макалалары, эскерүүлөрү жарыяланган эле. Алардын көпчүлүгүн жыйнап, кесиптештеринин эс тутумдарын жазып алган элем. Анда эмесе алардын айрымдарынын үзүндүлөрүн сиздерге тартуулайын.

1960-жылдын июлунда Карамолдо тоо көчкөндөй жарык дүйнө менен менен коштошкондо жердеши, шакирти, көрүнүктүү акын-комузчу Чалагыз Иманкулов устатынын теги жөнүндө мындай деген эле:

- Көрбөй жүрүп көргөн уулунун атын чоң атасы Ороз азан чакырып Токтомамбет коет. Эс тартып, эл оозуна кирип калганда жапалдаш бойлуу, кетирекей мурундуу, кара тоголок Токтомамбет айылдык молдодон беш жыл арабча окуйт. Ал кезде колу кат таанып, анча-мынча тилкат жаза билгендерди эл «Молдоке» деп эркелетип коюшчу. Кийин айылдаштары «Токтомамбет» дебей «Карамолдо» деп чакыра башташты. Бара-бара «Карамолдо, Молдоке» деген ысым жердештеринин арасында эле эмес, бүтүндөй кыргыздардын арасына ылакап катары таркады. Эмнегедир ал аттар кыргызга сыймыктуу да, жагымдуу да угулду.
Молдокем өткөндөгү кызыктуу окуялардан, күүлөрдүн тарыхынан өтө мазмундуу сүйлөөр эле. Ал баш-аягы жок сөз сүйлөп кеп укпай чуулдаган жерде үн катчу эмес! Молдокемдин дагы бир өзгөчөлүгү - «ат берейин, калп айтчы» десе да, бир ооз калп айтуунун эбин таап айта алчу эмес. Бала кезимден Молдокем менен бирге жүрүп, өмүр бою бир ооз уят сөз сүйлөгөнүн да уккан жокмун.


1928-жылдын 15-сентябрында Кыргызстандын Эл агартуу комиссариатынын чакыруусу боюнча айтылуу москвалык музыка иликтөөчү Александр Викторович Затаевич Бишкекке келет. Ал эки ай ичинде Токтогул, Муратаалы, Карамолдо баштаган эл шайырларынан алгачкы жолу 250 күү менен обондорду жазып алат. Ал Карамолдонун 31 күүсүн нотага түшүрөт. Затаевич комузчунун аткаруучулук чеберчилиги, күүлөрү жөнүндө эң жогорку баасын айтып келип, «Койчулардын коңур күүсү» аттуу күүсү жөнүндө:

- Мен өзүм Карамолдонун кенен репертуарындагы «Койчулардын коңур күүсүн» эң бир мыкты номер деп эсептээр элем. Күүдө карапайым айыл тематикасынын сулуулугу, гармония менен үндөштүгү, баарынан да таң калычтуусу - формасынын компакттуулугу, оригиналдуу аякташы эң сонун. Мына ушул күүсү менен гана Орозовдун жөнөкөй ысымы Советтер Союзунун элдеринин музыкалык жылнаамасына киргени менен сыймыктана алмакчы, - деген.

1938-жылдан Карамолдонун көзү өткөнгө чейин улуттук филармонияда бирге иштешкен көрүнүктүү акын-драматург Райкан Шүкүрбеков 1959-жылы мага берген маегинде:

- Карамолдо Орозов комузчулардан таптакыр башкача. Анын башкачалыгы - ар бир күүсү өзүнчө бир тең. Ал эми кээ бир комузчулар болсо курама, жамак күүлөрдү чертишет. Аларда айып жок, ар ким билгенин чертет да. Бирок ошондой болсо да, Молдокеме эч бир комузчу жетпейт, тең келбейт. Молдокемдин күүлөрүндө кыргыз элинин өткөндөгү турмушу, кайгысы, күйүтү, кубанычы, меймандостугу ж.б. жактары баяндалган. Биз поэзиядагы турмушка терең кирүү жагынан Токтогулга жете албай жаткан сыяктуу эле, композиторлор дагы азыркы турмушка музыкасы менен терең кирүү жагынан али Карамолдого жетише элек, - деп, калыс баасын айткан эле.

Карамолдонун замандашы, комуз чертип, обон чыгарып, күү үчүн күйүп-бышкан күйөрман Дастан Исламович Сарыгулов мындай дейт:

- Комузчу Токтомамбет Ороз уулу Карамолдо бабабыз - кылымда эмес, беш кылымда бир жаралган, комуздун олуясы, күү дүйнөсүнүн пайгамбары, улуттун рух казынасына эбегейсиз үлүшүн кошуп, кара күүлөрдү асман тиреген бийиктикке жеткизе черткен, кыргыз улутунун сыймыгы болуп, ысымын мезгил өчүрө албаган улуу инсан. Пейили кенен, жан дүйнөсү терең, тунук, таза, адамдык сапаты, комуз чеберчилигине тете өнөрү кылымдарды карытып, муундан муунга мурас болуп өтүп, кыргыз элинин Алтын казык кут жылдызына рухий күн менен байланган, көзү өтсө да, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү гана эмес, алыскы келечекте да элине кызмат кыла берген касиети менен ыйык жана улуу.

Замандаштарынын арасында «унчукпас» аталып, сүйлөөр сөзүн «комуз сүйлөсүн, экөөбүздүн жарыша сүйлөгөнүбүз болбойт» деп, бүтүндөй дилин, кызыл тилин комузунун кылдарына берген Карамолдонун башка комузчулардан аттын кашкасындай айырмачылыгы - ал күүлөрүн токсон тогуз толгонто узак кайрыктарда черткен. Алсак, «Көкөй кестисин» жети жарым, «Сынган бугусун» беш жарым, калган күүлөрүн үч-төрт мүнөттүк узактыкта аткарган. Тилекке каршы, маркумдун өтө бай репертуарынан Кыргыз радиосунун «алтын казынасына» болгону 40тай гана күүсү жазылып алынган.

Молдокем «Сыздат» аттуу күүсүн аткараардын алдында:

- «Сыздат» деген күүмдө өткөн замандагы бай-манаптардын «өлсө кунсуз, сатса пулсуз» дешип, кедей-кембагалдарды эзгендерин, алардын ичтен сызган армандарын, муң-кайгыларын баяндап черткем, - десе, «Өттү-кетти балалык» аттуу күүсүндө:

- Баштарынан балалыктын балдай таттуу күндөрүн өткөргөн карыяларга арнап чыгарган элем, - деген эле.

Ал эми «Такмаза» аттуу күүсү жөнүндө Молдокем:

- «Такмаза» деген күүмдө илгерки убактагы теңтуш жигиттердин бири-биринин мазакташып, такмазалашып тамашалашканын баяндап черткен элем, – деп айтканы бар.

Өз кезинде эл артисти, алп жомокчу Саякбай Каралаев Молдокемдин аткаруучулук чеберчилиги жөнүндө:

- Молдокемдин жашы улуу болсо да, жаныбыз бирге эле. Молдокемдин комузунун үнү да башка шайырлардын аспаптарына таптакыр окшошпогон кош добуштуу, өткөрө коңур, өзгөчө мукамдуу эле. Анткени, ал аспабынын кылдарын басканда беш манжасынан беш бөлөк, не бир кубулжуган добуш чыкчу. Мен алтымыштын ашсам да, Молдокемдей комуздун тилин билип, күүнүн кереметин тапкан шайырды жолуктура албадым, - деп эскерсе, эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев:

- Чыгармаларымдын ичинен айрыкча «Акындар» аттуу портретим өзүмө өтө кымбат жана өзгөчө баалуу деп эсептейм. Портретимде Молдокемдин токтоо кулк-мүнөзүн, терең ойчулдугун, тунуктугун, адамгерчиликтүү асыл сапатын, бүткүл турпатын турмушунда кандай болсо дал өзүндөй, көрүүчүлөр көргөндө эле анын улуу комузчу экенин дароо туйгандай, сезгендей устаттыкта берүүгө умтулдум. Молдокемди өз учурунда этюд кылып да тарткам. Молдокем комузду черткенде капкагын какпай, күүлөрүнүн кайрыктарын бири-бирине аралаштырбай таза, так кайрып, кулактын курчун кандырып, жүрөгүңдү албыртып чертчү. Эми ойлосом, Молдокем бу дүйнөгө бир гана келип кеткен, экинчи кайталангыс, жаралгыс айкөл талант, асыл адам турбайбы? - деп суктаныптыр.

Эл артисти, залкар комузчу-аткаруучу Самарбүбү Токтокунова:

- Мен Молдокемди көрбөй калдым. Бирок, күүлөрүн черткенде Молдокемдин өзүн көргөндөй элестетем. Молдокемдин күүлөрүндө өмүр, жашоо, эл, жер терең жана кенен баяндалган. Кептин ачыгын айтсам, Молдокемдин «Дүнүйө» аттуу күүсүнөн башка күүлөрүнүн бардыгын чертем. Карамолдо атабыздын күүлөрү башка комузчулардын күүлөрүнөн бөтөнчөлүгү - ар бир адамдын жүрөгүн кытыгылаган жаркын, татаал кайрыктарга бай, темалары терең өнүккөн күүлөр. Аларды кандай деңгээлде аткарып жүргөнүмдү угуучулардын өздөрү баамдашаар деп ойлойм. Молдокемдин күүлөрүнүн аркасы менен көрбөгөн өлкөлөрдү көрдүм. Сый-урматка бөлөндүм.

Эл жазуучусу, драматург, Токтоболот Абдумомунов: «Молдокем турмушту сүйгөн, жарык дүйнөдө өмүр сүрүүнүн, наздануунун ыракатын сезип, бизди курчап турган сулуулукту көрүп, бизди курчап турган не бир керемет добуштарды уга билген, ойчул, көрөгөч, акылман сүрөткер болгон. Ал өзүнүн адамдык тагдырын эл тагдырынан бөлгөн эмес. Ал өзү эс тартып, колуна комуз кармап, күү чыгара баштаган күндөн тартып, өлөр-өлгүчөктү өз элинин муңу, азабы, үмүтү, тилеги, кайгысы, кубанычы, жеңилүүсү, жеңиши, бүгүнкүсү, эртеңкиси, чабытташы, умтулушу менен жашаган. Ал эл тагдырын «өз тагдырым» деп түшүнгөн», - деп жазса, эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев:

- Молдокем жаш кезинде жакшы ырдаган ырчы дагы экен. Элдик дастан «Кыз Дарыйканы» табына чыгара ырдап айтчу экен. Мен Молдокем күү чертип атканда аябай таң калчумун. Ал капкакты кагып катуу чертчү эмес. Тек гана манжаларын кыбыратып, басып черткенде тим эле айланайын, комуз өзүнөн-өзү булбулдай эле сайрай берээр эле. Ал эми кылдарды кыдырта басканда, кай жеринен басып, кандай абалда чертип жатканын билбей таң калуучубуз, - дейт.

Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов болсо:

- Карамолдо Орозов шекилдүү тубаса генийлер өзүнчө бир эки замандын кошулуп турган чегинде албырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. Мен муну менен эмнени айтмакчымын? Биздин маданият канчалык өнүгүп, профессионалдык деңгээлге канчалык чыкпасын, Карамолдо сыяктуу элдик композитор - бул бир түгөнгүс улуттук маданият, эң оболу улуттук музыка үчүн түгөнбөгөн кенч, булак болуп кала бермекчи, - деген баасын берген.

Ошентип, Карамолдонун классикалык күүлөрү өмүрдүн өчпөс оту шекилдүү угармандардын, мураскерлердин - азыркы комузчулардын, композиторлордун – чыгармачылыгында, угуучулардын жүрөктөрүндө шыктануунун соолбос булагы катары жашап келатат.
XS
SM
MD
LG