Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШЧИ ТОП ТҮЗДҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамдардын кабыл алынышын алдын-ала талкууга алыш үчүн коомдук эксперттик кеңешме түздү. Курамына 20 киши кирген бул топ бейшембиде алгачкы жыйынга чогулду.

Бул эксперттик кеңешмеге мүчөлүккө Салижан Жигитов, Мар Байжиев, Эдил Байсалов, Марат Тазабеков өңдүү коомдук ишмерлер, илимпоздор жана журналисттер арасынан тандалган 20га чукул адам мүчө болду. Мындай эксперттик топтор, Абдыганы Эркебаевдин айтымында, өнүккөн чет мамлекеттерде үзүрлүү иштеп атышат. Ал мындай эксперттик кеңешме чындап иштеп аткан Мамдуманы мисал кылды. Эркебаев мырза ушундай идеяны 2001-жылы эле айтып чыккан. Бирок Аксы окуясынан кийин өлкөдө курчуп кеткен саясий кырдаалдан улам демилгени ишке ашыруу токтоп калган. «Мына эми мамлекет ичиндеги саясий кырдаал бир кыйла тынчыды» деди төрага. Анын оюнда, бул эксперттик топ аркылуу мыйзамдарга карата коомдун оюн билип, алардын сапатын оңдоо милдети турат. Эксперттик кеңеш чогулуп, тигил же бул мыйзамды талкуулагандан кийин, төрага аркылуу өз сунуштарын палатага жөнөтөт.

- Бул милдеттүү орган эмес. Ал коомдук пикирди топтоп, мыйзамдардын сапатын жакшыртууну көздөйт. «Эксперттик кеңеш ушундай сунуш айтып атат» деп парламентке билдирип турам. Бирок депутаттар аны эске алабы же албайбы, алардын өз эрки, - дейт Абдыганы Эркебаев.

Эксперттик топко кирген Мар Байжиев, депутаттардан айырмаланып, бул топко кирген коомдук эксперттер көз карандысыз болоорун белгиледи. Анын айтымында, топтун мүчөлөрү депутаттарга окшоп жеке дымак, таарыныч же өч алуу сыяктуу ички бугун мыйзамдардан чыгарышпайт. Байжиев мырза эксперттерге акы төлөө маселесин кыйытып айтты. «Мисалы, Салижан аке үйүнө барганда «Кайда жүрдүң?» десе чөнтөгүнөн 100 сом сууруп чыгып атса жаманбы» деп, тамаша-чынга салып айтып өттү. Жыйындан кийин ал өз оюн «Азаттыкка» мындайча билдирди:

- Депутаттардын көбү бийликке көз каранды. Мамлекеттик кызматта отурушат же башка кызыкчылыгы бар. Анын үстүнө өкмөт менен парламенттин тирешүүсү да мыйзамдарга залакасын тийгизип жатат. Ал эми акы төлөө боюнча маселе коюлганы да туура деп ойлойм. Эки-үч саат бекер отурбай жок дегенде 100 сом алып кетсең эмнеси жаман? Бул кворумдун болушун да камсыз кылмак, - дейт Мар Байжиев.

Эксперттик топко киргендердин көпчүлүгү «депутаттардын жана комитеттердин ыйгарым укуктарын кайталап калбайлы» деген ойду айтып отурушту. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов «бул топко көп милдет жүктөштүн кереги жок» дейт. Анын оюнда, коом менен болгон байланышты чыңдоону негизги мүдөө кылган оң. «Кыргызконцепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин оюнда, топтун мүчөлөрү төраганын тегерегинде гана иш кылышат. Анын көз карашында, депутаттардын ыйгарым укуктарын кайталап, алардын жумушун кылыш туура эмес, ириде коом менен байланышты чыңдап, төраганын колуна кол, бутуна бут болуш керек.

Эксперттик кеңешме топ эки жумадан кийин кайра чогулмак болду. Эркебаев мырзанын айтымында, ал башкарган палата жаңы жылга чейин үч маанилүү, чоң мыйзамды кабыл алышы керек. Алар - Шайлоо кодекси, «Өкмөт тууралуу» жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдар. «Келерки чогулганда бул мыйзамдарды чекесинен талкуулай баштайлы» деген чечим кабыл алынды. Эксперттердин оюнда, алар мыйзамдар боюнча талкууга гана эмес, айрым чыр-чатактуу же мамлекеттик маанидеги маселелерге да үн кошуп, ал маселелердин оң жагына чечилишине таасир эткендери оң. Мар Байжиев мырза эксперттердин көзүнө илине турган, буга чейин болуп өткөн окуя катары Германияга кыргызстандыктардын сөөгү жөнөтүлгөнүн кыжырдануу менен белгиледи. Ошондой эле кассалык аппараттар боюнча базарлардын иш таштоосу да Байжиев мырзанын ачуусун келтирет экен. Жыйында ал өз кафесине кассалык аппарат койсо, киреше бир кыйла азайып кеткенин мисал келтирди.
XS
SM
MD
LG