Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН БААРЫНДА КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ИШТЕБЕЙ ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму 29-30-октябрда Бишкекте эл аралык уюмдардын адистери, КМШнын 9 өлкөсүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү жана ишкана жетекчилери катышкан, корпоративдик башкарууну жакшыртууга арналган “тегерек стол” жыйынын өткөрдү.

Бишкекте өткөрүлгөн “тегерек стол” - Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму өткөргөн “тегерек столдордун” төртүнчүсү. Буга чейин ушул маселеге арналып Киевде эки жолу, Тбилисиде бир жолу “тегерек стол” өткөрүлгөн. Бишкектеги жыйында «Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги жана корпоративдик башкаруудагы акционерлердин ролу» деген тема коюлуп, ага Орусиянын, Украинанын, Молдованын, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн корпоративдик башкаруу боюнча адистери катышты.

- Өткөөл экономикадагы өлкөлөрдүн көптөгөн өкүлдөрү катышып, бул жерде маселе регионалдык өңүттөн каралып жаткандыктан, бул жыйын биз үчүн өтө маанилүү. Бир эле учурда экономикалык реформаларды баштаганыбыздын өзү эле биз азыр тажрыйба алмашышыбыз керек экенин билдирет, - деди вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

КМШнын бардык өлкөлөрү азыр мурдагы мамлекеттик ишканаларды менчиктештирип – аларды акционердик коомдорго айландырып - базар экономикасына мүнөздүү корпоративдик башкаруунун үлгүсүн киргизүүгө эчак киришкен. Адистер ишканалардагы корпоративдик башкарууну мамлекеттик башкаруу системасына окшоштурса боло тургандыгын айтышат. Директор жана башкармалык ишкананын аткаруу органы болсо, директорлор кеңеши анын ишине көзөмөл жүргүзгөн, стратегиялык чечимдерди кабыл алган, ишканадагы «парламент» болуп эсептелет. Парламент сыяктуу эле, директорлор кеңеши башкармалыктан көз каранды болууга тийиш эмес. «Тегерек столдо» эл аралык финансы уюмдарынын адистери директорлор кеңешинин өз алдынчалыгын камсыз кылуу зарыл экенин айтышты. Бирок аны ишке ашыруу кыйын экен.

- Бул жерде адилеттүүлүк жана көз карандысыздык жөнүндө маселе коюлуп жатат. Биздин мыйзамдарда да «көз карандысыз болуш керек» деп жазылган. Бирок директорлор кеңеши шайланып, ал директорду дайындагандан кийин, алар чогуу иштей башташат. Алар ишканага байланышып, кызыкчылыгы бар адамдар болуп калышат. Башкача айтканда, көз карандысыздык жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес, - деди Армениянын Корпоративдик финансылар жана баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын директору Симон Саркисян.

«Тегерек столдо» бир да өлкөнүн өкүлү өз өлкөсүндө «корпоративдик реформа ойдогудай жүрүп жатат» деп айта алган жок. Кыргызстандан башка өлкөлөрдө да директорлор ишканаларды жеке бийлөөгө, өзү каалагандай башкарууга аракет кылышат экен. Алар ишканалардын тапкан кирешелерин ар кандай жол менен өз чөнтөгүнө салып ала турганы жөнүндө айтылды. Директорлор ишкананын мүлкүн арзан баа менен өзүнүн тааныштарына сатып жиберишет. Кыргызстандын Баалуу кагаздар рыногу боюнча комиссиясынын төрагасы Уран Абдынасыров мындай көрүнүштү «корпорациялык коррупция» деп атады. Директорлор ишканага жеке ээлик кылуу максатында ар кандай амал менен ишкананын акцияларынын контролдук пакетин өз колдоруна топтошот. Ишканадагы өз бийлигин жоготуп албаш үчүн алар инвесторлорду жакын жолотушпайт. Бир сөз менен айтканда, бардык өлкөлөрдө проблемалар коендой окшош. Ал проблемаларды жоюш үчүн айрым өлкөлөрдө мурда кабыл алынган «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун адистери Украина, Молдова жана Армения бул багытта жакшы иш жүргүзүшкөнүн белгилешти. Бирок алар корпоративдик реформа кайсы өлкөдө жакшы жүрүп жатканын, кимден үлгү алуу керек экенин айта алышпайт.

- Кайсы өлкөнүн мыйзамы жакшыраак экенин айтыш кыйын. Анткени алардын мыйзамдарынын өздөрүндө айырма бар, - дейт Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун адиси Елена Митева биздин бул тууралуу берген сурообузга.

Кыргызстанда да быйыл март айында «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген болчу. Эл аралык эксперттер ал өзгөртүүлөрдү жогору баалашат. Бирок анын натыйжасы практика жүзүндө азырынча көрүнө элек. Ишканалардын жакшы иштеп кеткени байкалбайт.

- Корпоративдик башкаруу маданият болуп эсептелет. Аны түзүш үчүн убакыт керек, - дейт Елена Митева.
XS
SM
MD
LG