Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Грузияда парламенттик шайлоо жана референдум соңуна чыкты


Кабарларга караганда, шайлоо башталган алгачкы сааттарда баш-аламандык өкүм сүрдү. Айрым шайлоочулар ысымдары тизмеде жок болуп чыккандыктан, добуш бере албай калышса, кээ бир шайлоо бекеттери кеч ачылды.
Процедуралык эреже бузууларга байланыштуу, кеминде бир шайлоо бекети жабылды.
Шайлоочу Мая Ратишвили бүгүнкү добуш берүүгө байланыштуу буларды билдирди:
– Турмуш оңолот деп үмүттөнөм.
Ал эми президент Шеварднадзе мындай деди:
– Шайлоо акыйкат өтүп, өзүн өзү актаарынан күмөн санабайм, мен Грузиянын келчеги үчүн добуш бердим.
Бүгүнкү шайлоодо 14 партия, алты коалиция ат салышып жатат. Алдын-ала жыйынтык эртең белгилүү болот. Грузин атуулдары ошондой эле депутаттардын санын 235тен 150гө азайтуу жөнүндөгү референдумда да добуш беришүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG