Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

«Агым» гезитинин кожоюну М. Эшимканов укук коргоочу Т.Акундун расмий кечирим сурашын талап кылууда


БИШКЕК. «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановдун укук коргоочу Турсунбек Акун жана «Аалам» гезити менен соттошуусу жарашуу менен аякташы мүмкүн. Бирок бул үчүн Турсунбек Акун «Аалам» гезитине жазган «Мелис Эшимкановдун саясий жана адамдык жүзү» аттуу өз макаласында эмнелер туура эмес жазылганын жазып чыгышы керек. «Агым» гезитинин кожоюну М. Эшимканов бүгүн ушундай пикирин билдирди. «Алар эреже боюнча «Аалам» гезити аркылуу кечирим суроого тийиш. Эгерде ошентип кечирим сурашса, анда көрө жатабыз», - деди М. Эшимканов. Буга чейин Т.Акун «Аалам» гезитинде жазган өз макаласында катуу сындагандыгы үчүн жана Рамазан айына байланыштуу Мелис Эшимкановдон басылмалар аркылуу кечирим сураган. 19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Турсунбек Акун жогоруда сөз болгон макаласы үчүн 2 млн. сом, «Аалам» гезити 3 млн. сом айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG