Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: «ЕврАзЭСтин АЛКАГЫНДА 2006-ЖЫЛЫ БАЖЫ БИРИМДИГИ ТҮЗҮЛӨТ»


28-октябрда Москвада Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕврАзЭС) Мамлекет аралык кеңешинин сегизинчи отуруму болуп өттү. Ага ЕврАзЭСке мүчө Орусиянын, Казакстандын, Беларустун, Тажикстандын жана Кыргызстандын премьер-министрлери катышты. Өкмөт башчылары “2006-жылы ЕврАзЭС аймагында бирдиктүү бажы аймагы жана бирдиктүү энергетикалык система түзүлүүгө тийиш” деген чечимге келишти. Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭС мамлекеттериндеги вице-премьер-министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов менен болгон маекте ушул жыйын тууралуу сөз болмокчу.

- Базарбай мырза, 28-октябрда ЕврАзЭСтин кезектеги жыйыны өттү. Анда кандай маселелер каралып, эмне деген чечимге келдиңиздер? ЕврАзЭСтин Кыргызстанга кандай пайдасы тийчүдөй? Сөздү ушундан баштасаңыз.

- Жыйындын күн тартибине киргизилген 18 маселе боюнча зарыл чечимдер кабыл алынды. Беш мамлекеттин өкмөт башчылары 2 келишимге жана 2 протоколго кол коюшту. Бул жыйында эң орчундуу маселелер каралды. Эң негизгиси - жети ай бою иштелген «ЕврАзЭСтин 2003-2005-жылдардагы өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттары» деген документке кол коюлду. Аны турмушка ашыруу максатында 160 пункттан турган иш-чаралардын планы кабыл алынды. Эң негизгиси - 2006-жылга чейин беш өлкө реалдуу бажы биримдигин түзүшү керек да, ошонун алкагында иштей башташы керек.

- Ал бажы биримдиги деген эмне экенин айта кетсеңиз?

- Бул өзү беш өлкөнүн ортосундагы бажы төлөмдөрүн алып салуу, бажы иштери боюнча бирдиктүү, орток саясат жүргүзүү дегенди билдирет. Эң негизгиси – чегараны кесип өткөн товарлардан бажы төлөмдөрү алынбайт, автоунаалардан да бажы жыйымдары алынбайт, башкача айтканда, алардын чегарадан ары-бери өткөнү статистикалык маалыматтар үчүн гана каттоодон өтүп калат. Айта кетейин, буга чейин беш мамлекеттин ортосунда эркин соода жүргүзүү тартиби түзүлгөн. Эми кийинки этап – бажы биримдигине чогулуп, жалпы, бирдиктүү бажы тарифин түзүшүбүз керек. Бул беш мамлекеттен тышкары үчүнчү өлкөлөрдөн алып келген же аларга саткан товарлар үчүн бирдиктүү бажы тартиптерин иштеп чыгып, орток тариф түзүшүбүз керек. Бул маселе боюнча акыркы 3 жылдан бери иштер аткарылып келатат. Быйыл Белоруссия, Казакстан, Орусия бажы тарифтерин айкалыштыруунун деңгээлин 70% жеткириши керек. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан 2004-жылы алардын деңгээлине жетип, бажы тарифтерибизди аларга теңейбиз. Ошентип, беш мамлекеттин бажы тарифтери бирдей болууга тийиш. Жыйында Орусия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Касьянов «Орусия ЕврАзЭСке өзгөчө мамиле жасап, ошого жараша иш кылат» деп билдирди.

- Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев жыйында бирдиктүү энергетикалык аймак түзүү тууралуу сунушун айтыптыр. Муну түшүндүрүп берсеңиз, бирдиктүү энергетикалык аймак түзүлсө андан Кыргызстан кандай пайда көрөт?

- Күн тартибиндеги экинчи маселе өкмөт башчылардын өз мамлекеттериндеги экономикалык кырдаал боюнча докладдары болду. Ошондо биздин өкмөт башчыбыз Николай Танаев да сүйлөп, орчундуу эки-үч маселени көтөрдү. Ошолордун бири катары «беш өлкө бирдиктүү энергетикалык базар түзүшүбүз керек» деди. Беш мамлекеттин кайсынысы болбосун өндүрүп чыккан электр энергиясын ошол беш мамлекеттин бирине башкалардын тоскоолдугусуз сата алат. Мисалы, эгер Кыргызстан Орусияга электр энергиясын сата турган болсо, Казакстан акысын алып, бирок транзитти камсыз кылышы керек. Быйыл биринчи жолу электр энергиябызды Орусияга сата баштадык. Биз Орусияга электр энергиясын тоскоолдуксуз сатуу жөнүндөгү келишимге беш жылдык мөөнөткө кол коёлу деп жатабыз.

- Базарбай мырза, Кыргызстандын автоунаалары Казакстан аркылуу өткөндө акы төлөп, көп тоскоолдуктарга учурашат. Жыйында бул маселе козголдубу?

- Беш өлкөнүн транспорттук биримдиги да бар. Бул боюнча 1998-жылы кол коюлган келишим бар. Чындыгында ал келишим да толук иштебей жатат. Себеби, коңшу Казакстан Республикасы ал келишимди ратификация кылбай, көп тоскоолдуктар болууда. Премьер-министр Николай Танаев бул маселени да көтөрдү. Жана сөзүмдүн башында айтып өткөндөй, «ЕврАзЭСтин 2003-2005-жылдардагы өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттары» деген документке бул көйгөйдү атайын бир пункт катары киргиздик. Бул чечимге кол койгон Казакстандын жетекчилиги аны чечүүгө макул болду.

- Ошондо, мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо багытында кандай келишимдерге кол коюлду?

- Экспортту көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү тартип киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул биринчи келишим. Экинчи келишим – баалуу кагаздар базарындагы жасала турган иштер. Анан маанилүү бир протоколго кол коюлду, ал беш мамлекет ортосунда чегарадан акча алып өтүүгө байланыштуу. Ага ылайык, эми беш мамлекетттин атуулдары 3000 доллар өлчөмүндөгү акчаны эч кандай декларация толтурбай эле чегарадан алып өтүшөт. Ал эми 3000ден 10000 долларга чейинки акчаны декларация толтуруп алып өтсө болот. Ал эми 10000 доллардан көп акчаны ошол мамлекеттин Улуттук банкынын уруксат кагазынын коштоосунда алып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин 2000 доллар гана акчаны бири-бирине алып өтүүгө мүмкүн болчу. Москва жыйынында ЕврАзЭСтин 2004-жылдагы бюджети да талкууланып, бекитилди. Кыргызстан жылыга 9 млн. сомдой акчаны мүчөлүк акы катары төлөйт. Бул ЕврАзЭСтин жалпы бюджетинин 10%, Тажикстан да ошол 10% көтөрөт. Чыгымдын 20% Казакстан, 20% Беларус Республикасы көтөрөт, ал эми чыгымдын чоң бөлүгүн – 40% - Орусия өзүнө алган.

- Маек куруп бергениңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG