Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Ф.КУЛОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮ, ЕККУнун ӨКҮЛҮНҮН ИШ САПАРЫ, БАТКЕНДЕГИ ИЧ КЕЛТЕ, КАРЫЗГА БААЛАНГАН ИШКАНАЛАР


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек. Бул аптада “Арнамыс” партиясынын абактагы төрагасы Феликс Кулов 55ке чыкты. Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин сын пикирине жооп кайтарды. ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Айдын Идилдин кызмат мөөнөтү аяктаганы калды. Кыргызстандын бир катар өнөр жай ишканалары Орусиянын алдындагы тышкы карыздын эсебине бааланып бериле турган болду.

Бул аптада, 29-октябрда, «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан башчысы Феликс Кулов 55 жашка чыкты. Буга карата Аламүдүн районунун Байтик айлынын 50дөй тургуну айылдын жанындагы элге көрүнөө дөңсөө жерге «Феликс Куловго боштондук!» деген жазууну ак таштар менен жазышты. Бирок эртеси Аламүдүн районунун жетекчилиги бул жазууну алдырып таштады. «Арнамыс» партиянын 100гө жакын өкүлү Бишкектеги Ф. Кулов отурган № 19-Жаңыжер түрмөсүнө барышты эле, түрмө жетекчилиги көзөмөлдү күчөтүп, барган адамдарды Кулов менен жолуктурбай койду. Куловдун өзү болсо Европарламентке кайрылуу жолдоп, А. Сахаров атындагы сыйлыкты Бириккен Улуттар Уюмунун Иракта каза болгон кызматкерлерине ыйгаруу жөнүндө кабыл алынган чечимди туура табаарын билдирди. Ал эми президент А. Акаевдин жакында элге кайрылуусу жөнүндө ал «Азаттык» радиосунун кабарчысына мындайча оюн айтты:

- Президенттин кайрылуусунда айтылгандар чындап эле аткарыла турган болсо, албетте, бул абдан жакшы болот. Бирок буга ишенич аз. Эгерде өз мүдөөсүн аткарууга анын саясий эрки жете турган болсо, ал сөзсүз тарых алдында акталат. Анын убактысы аз, ал шашылбаса болбойт.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жакында Европарламент кабыл алган резолюцияга байланыштуу билдирүү таратты. Министрлик өлкөдө жүрүп жаткан саясий процесстерге Батыш бир жактуу, бурмалап баа берээрин, бул жолу да Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын бир жактуу баалаганын белгиледи. Билдирүүдө Феликс Куловдун соттолушун саясатташтырууга, «оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталат» деген дооматка негиз жок экендиги да баса белгиленди. Европарламент Түрмөнстандагы, Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Казакстандагы адам укуктарынын абалын сындаган резолюцияны 23-октябрда кабыл алган.

Ал арада Бишкекке Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари эки күндүк иш сапары менен келди. Кечээ аны Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алышты. ЕККУ демекчи, жакында бул эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Айдын Идил быйыл ноябрь айында өлкөдөгү кызматын аяктап, анын ордуна Швейцариянын атуулу Маркус Мюллер келе тургандыгы маалым болду. Айдын Идил азыркы кызматка 2001-жылдын ноябрында келген. Анын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай пикирлер бар. Мисалы, Кыргызстандагы Адам укуктары институтунун директору Топчубек Тургуналиев анын иши тууралуу мындай дейт:

- ЕККУ Кыргызстанга демократиялуу жолго түшүүгө жардам бере турган уюм болушу керек эле да! Тескерисинче, булар Кыргызстандагы авторитардык диктатурага жардам берип атышат. ЕККУнун жаңы элчиси келсе, Кыргызстандагы ЕККУнун борборунун иш багытын элдин кызыкчылыгына бурат го деп ойлойм.

Бирок «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов ага макул эмес.

- ЕККУ бизди улуттук диалогго чакырып, «тегерек столдорду» өткөрүп атат, семинарларды өткөрүп атат, бул абдан пайдалуу, - дейт Эдил Байсалов.

Бул күндөрү Баткен облусунда ич келте дартына чалдыккан 24 атуул катталды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, азыр коңшулаш Тажикстанда бул оору тез таралып атат. Ал эми кечээки маалымат боюнча, Баткендеги бодо малдын арасында шарп күчөй баштаганы аныкталды. Баткен шаарында карантин жарыяланып, малдын бардык түрлөрүн жана эт, сүт азыктарын сатууга тыюу салынды. Бул илдет да кошуна Тажикстандын Исфара районунундагы малдан жуккан деген болжол бар.

Бул аптада премьер-министр Николай Танаев Бишкектеги «Айнур» заводунун 40% акциясын Орусияга өткөрүп берүү тууралуу токтомго кол койду. Ал эми Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбековдун журналисттерге берген маалыматына караганда, Баткендеги Кадамжай сурма комбинатынын 70% акциясы Кыргызстандын Орусияга тышкы карызына бааланып берилүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Орусияга 160 миллиондон ашуун доллар карыз.

Тышкы карыздардын көптүгүнө бир жагынан өлкөдөгү коррупция жана экономикалык кылмыштуулук себеп болгону анык. Мисалы, соңку 9 ай ичинде Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүлөрдө мамлекет боюнча 605 млн. 99 миң сом жана 1 млн. 706 миң доллар өлчөмүндө финансылык тартип бузуулар аныкталган.
XS
SM
MD
LG