Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

ОРУСИЯ:БИЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК ҮЧҮН КҮРӨШ УЛАНЫП ЖАТАБЫ?


Орусия президентинин администрация башчысынын алмашышы жана "ЮКОС" мунай компаниясынын айланасындагы окуялар – аяктаган апта ичинде өлкөнүн саясий чөйрөлөрүндө, маалымат каражаттарында талкууланган негизги маселелерден болду. Москвадагы соңку окуялар жөнүндө Батышта да арбын сөз жүрүүдө. Орусиянын чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорун "ЮКОС" компаниясына караштуу акциялардын камакка алынышы өзгөчө чоочутту. Муну мүлктү улутташтыруунун ишарасы катары карагандар да жок эмес.

Орусиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн эң ири мунай компаниясы "ЮКОС"тун жетекчилерине байланышкан кылмыш иштерин быйыл июнь айында козгой баштаган. Андан бери жүрүп отуруп өткөн аптанын ишембиси, 25-октябрда аталган компаниянын негизги кожоюндарынын бири, Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский камакка алынды. Ага "көз боёмочулукка барган", "салык төлөөдөн качкан" өңдүү бир нече айып коюлууда. "ЮКОС"тун кожоюнунан соң эле өткөн бейшембиде Орусиянын башкы прокуратурасы аталган компаниянын кадимки акцияларынын 50%дан ашыгын камакка алган эле. Бир күндөн кийин прокуратура камакка алынган акциялардын 4,5%на карата жогорудагыдай чечим күчүн жоготконун билдирди. Чет элдик жана жергиликтүү ишкер чөйрөлөрдү, асыресе инвесторлорду Ходорковскийдин өзүнөн да, акциялардын камакка алынышы өзгөчө кооптонткондой болду. Бул окуяны батыш басылмалары, алтурсун жергиликтүү гезиттер да "мүлктү улутташтыруу" деген терминди колдонуу менен комментарийлешүүдө. Жергиликтүү жана батыш маалымат каражаттарында бул иштин бир нече себептери айтылууда. Маселен баяндамачылар менен аналитиктердин айрымдары муну Орусияда азыр бийликти кармап турган күчтөрдүн, президент Ельциндин доорунда байлык топтогондор менен алардын саясаттагы, бирок мурдагыдай таасири жок калкалоочуларынан өз алуусу катары көрөт. Ошондой эле бул окуянын себептерин президент Путинди курчаган күчтөр менен "ЮКОС" компаниясынын ишкер кызыкчылыктары дал келбей калганына байланыштыргандар да бар. Британдык "Таймс" басылмасы "ЮКОС"ко каршы чабуулдун башталышынын бир себеби - алдыдагы парламенттик шайлоодо деген пикирде. Ашкере байларды куугунтуктоо декабрдагы шайлоо алдында президентчил "Единая Россия" партиясынын аброю жогорулашына жардам бериши мүмкүн. Себеби орус калкы арасында олигархтарды жек көргөн маанай бар экени маалым. Айтылып жаткан дагы бир пикирлерге караганда, "ЮКОС"тун кожоюну Ходорковскийдин үстүнөн кара туман ал 2000-жылдын мартындагы шайлоодон кийин президент Путин жана олигархтар ортосунда жетишилген оозеки макулдашууну бузганы үчүн айланууда. Ага ылайык, олигархтар саясаттан четте турмак, бийлик болсо менчиктештирүүнүн жыйынтыгын кайра карамак эмес. Ходорковский болсо парламенттик шайлоо алдында либералдык маанайдагы оппозициячыл партияларды каржылап жаткан. Ушундан улам бул иштин саясий жүйөөсү бар деген да ырастоолор чыгууда. "ЮКОС"тун тегерегиндеги окуяларга байланыштуу тынчыздануулар орус бийликтеринин дарегине АКШдан , Европа Биримдигинен да айтылды. Маселен, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучер Вашингтондогу басма сөз жыйынында мындай деген эле:

- Биз Орусиянын бийликтери "ЮКОС"тун ишинин саясий жүйөөсү бар деген тынчызданууларды жоготуусу зарыл деп ойлойбуз. Алар бул мыйзамга ылайык, адилет жүрүп жатканын кепилдеши керек. Эң биринчи кезекте, бул окуя мыйзамдык чаралар аркылуу жөнгө салынат деп үмүттөнөнбүз. Экинчиден, бул окуя орус өкмөтүнүн бизнеске жана эркин экономикага болгон жалпы мамилесин өзгөртпөйт деп ишенебиз, биз мурдагы мамилени колдоп келгенбиз жана колдойбуз.

Айтор эмнеси болсо "ЮКОС"тун айланасындагы окуялар Орусияда жеке менчиктеги мүлктүн кол тийбестигинин корголуусуна карата күмөн саноолорду күчөткөнү талашсыз. Орусиянын премьер-министри Михаил Касьяновдун өзү да Башкы прокуратура тарабынан акциялардын камакка алынышын "кесепетин аныктоо кыйынга турган жаңы көрүнүш" деп атады.

Ал эми Борис Ельциндин доорунан бери орус президентинин администрация башчысы кызматында иштеп келген Александр Волошиндин отставкасы дал ушул "ЮКОС"тун иши менен байланыштуу экени бүгүн анык болуп калды. Баяндамачылар белгилеп жатышкандай, Волошин президенттин администрация башчысынын кызматында туруп, Путинди курчаган мурдагы КГБчылар жана күч мекемелерин башкаргандар менен күрөштө уттуруп койду же ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгын коргой албай калды. Себеби ал Кремлде чоң бизнестин кызыкчылыгын чагылдырган адам катары каралчу. Орусиянын саясий жана бизнес элитасына адистешкенн социлог Ольга Криштановская мындай дейт:

- Ал Путинге түрдүү күчтөр ортосундагы тең салмактуулукту сактап, чеберчилик менен маневр жүргүзүүгө жардам берчи. Менимче, бул - Волошиндин күчтүү жагы. Ал бизнес чөйрөсүнүн саясий бийликтеги адамы эле.

Адегенде Волошиндин ордуна да атайын кызматтардын өкүлү келет деген жоромолдор болгон. Бирок Путин бул кызматка мурда Санкть-Петербургда өзү менен бирге иштешкен,кесиби юрист, соңку кездери президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан Дмитрий Медведевди дайындады. Айрым байкоочулар президентик администрациянын жетекчилигине мурда КГБда иштебеген адамдарын келишин бизнестин талабын эске алган чечим катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG