Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

ОРУСИЯНЫН “ЮКОС” МУНАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ПИКИРЛЕР


Аманбек Дилденбай, Прага Айрым аналитиктер, Орусия президентинин мурдакы администрация башчысы Александр Волошиндин жума күнү кызматтан кетиши, “ЮКОС” мунай –зат команиясынын айланасындагы маселелерге түздөн түз байланыштуу дешүүдө. 30-октябрда Орусиянын башкы прокуратурасы “ЮКОСтун” акцияларынын 44% камакка алган. Пркуратуранын мындай иш чарасы чет элдик инвесторлорду тынчыздандырууда.

Орусиянын “ЮКОС” мунай компаниясынын айланасындагы окуялар дүйнөлүк коомчулуктун да көңүлүн бурууда. Анткени башкы прокуратура “ЮКОСтун” сырткы инвесторлорго таандык акцияларын да камакка алды деген айың кептер айтылууда. Орусиянын баалуу кагаздар базарында бул күтүүсүз окуя, тополоң-тозду пайда кылды. Анткени аны менен кошо Кремлдин администрация башчысы Александр Волошин да кызматынан кетти. Волошин Орусиялык бир нече оллигархты, анын ичинде “ЮКОСту ” да колдоп келген деген божомолдор бар. Убагында Ходорковский Волошинге каржылык жактан жардам берип, анын жогорку кызматка көтөрүлүшүнө да таасири бар деген пикирлер айтылууда. 25-октябрда Ходорковскийге “алдамчылык кылган жана ири кирешелерди салыктан жашырып койгон” деген айып тагылып камакка алынган. Президенттин администрация башчысы Волошин кызматтан чегинем дегени, балким Ходорковкийди абактан бошотконго түрткү болот десе керек. Бирок анын кызматтан өз каалоосу менен кетишин президент Путин канаатандырып, ордуна Волошиндин орун басары Дмитрий Медведевди дайындады. Президенттик администрациянын бийлик алмашуусу кандайдыр бир деңгээлде «ЮКОСтун” аброюна доо кетирип¸ баалуу кагаздар базарында акциялары төмөндөп, чет элдик кызматташ компаниялар арасында ишенимин жоготот деген пикирлер айтылууда. Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наталья Вишнякованын айтымында, ишкерлер ишенимин жоготпосо деле болчуудай:

- Компаниянын акциялары “Трансбанктын” эсебинде эле турат. Камакка алынган акциялар кылмыш иши козголгон Михаил Ходорковскийге жана Платон Лебедевге таандык. Ал эми калган акционерлердин акциясы камакка алынган жок.

Ал эми Москвадагы Валюта биржасынын өкүлү Алексей Герасюктун айтымында:
- “ЮКОСтун” акциялары 30-октябрда 30% наркын жоготту. “Сибнефть” 30% арзандады. Биздин индекс 10% төмөндөдү. Бирок 31-октябрда биздин индекс 3,5%, “ЮКОСтун” жана “Сибнефттин” индекси 5% көтөрүлдү.

Көпчүлүк аналитиктердин айтымында Волошиндин кызматтан кетиши олигархтарга урулган катуу сокку болду жана күч колдонуучу уюмдардын жеңиши менен аяктады. Мурдакы президент Ельциндин учурунда олигархтар экономикалык бийликке жеткен болсо, Путиндин тушунда күч колдонуучу уюмдар олигархтар менен бийлик талашууда. “ЮФЖ” аттуу инвестиция корунун башчысы Ерик Фигертцтин айтымында:

- Абал өтө деле жаман эмес. Анткени акциялардын баардыгы камакка алынган жок. Жөн гана иш жүгүртүү токтотулду. Бул жерден “ЮКОСтун” алдыдагы пландары ишке ашпай калышы мүмкүн.

“ЮКОС” мунай-зат компаниясынын басма сөз катчысы Александр Шадриндин айтымында:
- Акциялар камакка алынганы менен анын ээлери дивиденттерге ээ боло берет. Бирок ал азырынча кыймылсыз болуп калды. Прокуратуранын аракети чет өлкөлүк инвесторлордун арасында терең тынсыздандырууну жаратты. Кээ бир батыш компаниялары “ЮКОС” менен болгон мамилелерин кайрадан карап чыгууга аргасыз.

Өлкөнүн премьер-министри Михаил Касьянов: “ Маселе абдан татаал, анын кесепеттери кандай болоорун аңдап билүү кыйын” деген пикирде.

“Файниэшл Таймс” гезитинин маалымдашынча Путин Ходорковскийди камакка алуу бизнеске каршы чабуул эмес деп билдирген. Гезиттин айтымында “Ренессанс” банкынын президенти Игор Сагирян 30-октябрда президент Путиндин чет өлкөлүк инвесторлор менен болгон жолугушуусунан кийин: “Эгер “ЮКОС” компания катары жоголсо, ал Орусиянын экономикасы үчүн чоң жоготуу болот. Учурдагы текшерүүдө кылмыш кылгандар гана жазаланып, акча салган адамдар запкы тертпасы керек деген Путин”, - деп билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү Ричард Баучер, бул окуя тууралуу Вашингтон да тынчызданып жатканын кабарлады. Анын айтымында бул окуя Орусиянын мыйзамдары бардык жарандарга бирдей колдонбогондугун көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG