Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

АЙКӨЛ ИНСАН, АТАКТУУ КОМПОЗИТОР


Кыргыздын алгачкы жогорку билимдүү композитору, эл артисти, профессор, Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Мукаш Абдраев болгон. Ал жөнөкөй ырдан тартып, татаал жанрдагы операларды, симфониялык поэмаларды, сүрөттөмөлөрдү жазган. Алар кыргыздын жазма профессионалдык музыкасынын алтын казынасынын уюткусун түзгөн.

«Карыядан кеп, жакшыдан бак калат» дегендей, кыргыздын тунгуч жогорку билимдүү композитору, профессор, эл артисти Мукаш Абдраев 60 жашка чыкпай о дүйнөгө сапар алса да, түптүү эли менен түбөлүккө бирге жашай турган ондогон ар кыл жанрдагы чыгармаларды таштап кетти. Маркум Абдраевде табигый шык да, адамдык асыл сапат да мол болгон. Ал экөөнү тең өмүр өткүчө бирдей деңгээлде алып жүргөн айкөл инсан эле. Композитор өмүрүнүн көбүн мугалимдик кесипте, коомдук иштерде өткөргөндүктөн жаштардын чыныгы насаатчысы болгон.

Болочоктогу композитор эл куудулу Шаршен Термечиковдун колунда ымыркайынан өсүп-өнсө да, ышкысы ырчылыкка, комузчулукка, куудулдукка тартпай, жогорку билимдүү-илимдүү чыныгы музыкант, композитор болууну самайт. Ал 1933-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрынын алдындагы студиянын скрипка классында, 1935-40 жылдары Москвадагы окуу жайында, Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция классында Георгий Литинскийден, Владимир Фереден окуйт. Мукаш бул окуу жайын бүтөөрү менен билимин дагы тереңдетиш үчүн Москва консерваториясынын теоретика-композиторлук факультетинде композиция классында профессор Сергей Василенконун классында окуйт.

М.Абдраев 1940-жылдан баштап чыгармачылыктын айкын сапарына аттанат. Ар кандай аспаптык чыгармаларды, ырларды жазат. Жаш композитордун «Бешик ыры», «Азгырба мени, алдаба», «Студенткага», «Кыздын ыры» аттуу ж.б. кыял терметкен ыргактарга бай, мукамдуу лирикалык ырлары угармандардын урматтап уккан чыгармаларына айланат. Айрыкча автордун «өмүрдүн гүлү жаш убакта» окуса окууга, күлсө күлкүгө, ойносо оюнга тойбогон, бир уядан жем талашкан балапандардай бир партада отуруп билим алып, дос, өмүрлүк жар табышкан мөлтүрөгөн студенттик күндөрдөгү махабат өксүгүн баяндаган «Студентка» аттуу кусалуу обондогу арноо романсы улан-кыздардын арасына элдик ыр шекилдүү тарайт.

М.Абдраев студенттик жылдарында А.Малдыбаев, А.Аманбаев, А.Түлөев менен биргелешип, кыргыздын «Ким кантти» аттуу тунгуч музыкалуу комедиясын, Аскар Түлөев менен «Курманбек», «Жапалак Жатпасов» деген оюндарга музыка, Абдылас Малдыбаев менен «Токтогул» операсын жазат. Кийин ал өз алдынча «Жаш жүрөктөр», «Олжобай менен Кишимжан», «Бороон алдында» аттуу операларды көрүүчүлөргө тартуулайт. Булардын ичинен автордун «Олжобай менен Кишимжан» деген лирико-эпикалык трагедиялуу операсы көрүүчүлөрдүн алкышына арзыйт.

Операнын элдик обондор менен күүлөрдөн наар алган ариялары, ариозолору, речитативдери, шыгырлары, бийлери чыныгы профессионалдык деңгээлде жазылганы менен көрүүчүлөрдөн өз баасын алат.

Залкар композитор кыргыздын симфониялык музыкасынын алтын казынасын байыткан «Суусамырда», «Эмгек шаңы», «Ильястын баяны» аттуу поэмаларды, «Бекбекей» деген симфониялык сүрөттөмөнү, «Кыргыз уулу» атуу ораторияны, «Токтогулдун жеринде», «Биздин достукка жүз жыл» аттуу жана башка кантаталарды жазат.

Жаркын шыктагы Абдраев кыргыздын жазма профессионалдык музыкасындагы көптөгөн жанрлардын алгачкы баштоочуларынын да болгон. Алсак, ал кесиптештерининин ичинен биринчилерден болуп музыкалык аспаптардын коштоосуз ырдалган а капелла шыгырына кайрылат. Автордун «Мен кара көз», «Биздин заман, нур заман», «Ичинен кайырма», «Агын суу», «Ырдайлы достор, ырдайлы» аттуу ж.б. шыгырлары республикадагы көп үндүү ырдоонун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот.

Мукаш Абдраевдин өзүн да, чыгармачылыгын да жакшы билген музыка изилдөөчү Ишенбай Рыспаев мындай дейт:

- Мукаш Абдраев мүнөзү абдан токтоо, кичипейил, бирөөнүн көңүлүн калтырбаган, жаш-карыга бирдей мамиле кылган, абдан калыс, билген билимин айтып берүүдөн аянбаган асыл адам эле. Мукамдын кыргыз музыкасына сиңирген эмгеги өтө зор. Ал кыргыздын нукура элдик музыкасына үндөшкөн, жүрөккө жагымдуу, ар түркүн жанрдагы чыгармаларды жаратты. Мукам алгачкылардан болуп а капелла хорун, көптөгөн кантаталарды, 3 операны, 200дан ашык ырларды, романстарды ж.б. жанрлардагы чыгармаларды жазып калтырды.

- Сизди «М. Абдраевдин аваздык чыгармачылыгы жөнүндө китеп жазып жүрөт» деп уктум эле. Ал эмгегиңиз жарык көргөнбү?

- Мен 1972-жылы Искусство институтунун акыркы курсунда окуп жатканда Мукаш Абдраевдин ырлары, хорлору боюнча дипломдук иш жаздым. Ийгиликтүү жактадым. Кийин композитордун бүтүндөй чыгармачылыгын камтыган китеп жаздым. 1979-жылы кол жазмамды «Кыргызстан» басмасына тапшырдым. Бирок ал көрө албастыктын айынан чыкпай калды. Ошондой болсо да үмүтүмдү үзбөй, кол жазмамдын үстүндө иштеп жатам. Кол жазма орусча жазылгандыктан, кыргызчага котордум. Мукаш Абдраев тирүү болгондо эмгегим эбак эле чыкмак. Азыр китеп чыгарыш кыйын болуп калды. А.Малдыбаев, А.Түлөев, К.Молдобасанов, Н.Давлесовдор жөнүндө китептер чыкты. Бул жакшы. Ал эми Мукаш агай боюнча бир да китеп жок. Эгерде кыргыз музыкасына, Абдраевдин чыгармачылыгына күйгөн бир демөөрчү болсо китеп чыгып калат эле.

Мукаш Абдраев тубаса лирик-композитор болгон. Анын жөнөкөй ырларынан операларына, симфониялык поэмаларына чейинки чыгармалары лириканын нурлары менен шөкөттөлгөн. Алсак, автордун боз уландын селкиге болгон мөлтүр махабатын сыпаттаган «Жалыныңа күйгөмүн» аттуу романсынан да лириканын илеби буруксуйт.

Мукаш Абдраев ар тараптуу чыгармачылыгын педогогдук, коомдук иш менен да айкалыштырган. Ал М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда, Искусство институтунда доцент, профессор болуп иштейт. Абдраевдин классынан эл артисттери К.Молдобасанов, М.Бегалиев, Э.Жумабаев ж.б. окушат. Абдраев 1967-жылдан көзү өткөн 1979-жылга чейин Композиторлор биримдигинин төрагасы болуп иштейт. Бир нече жолу Бишкек шаардык аткаруу комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат да болуп шайланат. Ал чыгармачылыгында, педагогдук, коомдук иштеринде болсун, ар бир адамды айкөлдүгү менен тартып алуучу жана өзүндөй адамгерчиликтүү болууга үлгү көрсөтүүчү.
XS
SM
MD
LG