Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Таластык дыйкандар айыл чарба азыктарын сатып өткөрүүдө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушууда


ТАЛАС. Мындан бир топ күн мурун Карабуура районунун Чимкент айылында өрөөндөгү төө буурчак өстүргөн дыйкандар нааразылык акциясын өткөрүшкөн эле. Аларды жайгарганы барган бийлик өкүлдөрү «төө буурчактын баасын көтөрүүгө жардам беребиз» деп убада беришкен. Бирок андан бери бийлик өкүлдөрүнүн мындай убадасы аткарылган жок. Бир килограммы 10 сомдон алынып жаткан төө буурчактын баасы азыр 7-5 сомго түшүп кетти. Бийлик органдарынын жардамына ишенген дыйкандар быйыл эң көп аянтка - 14 миң 444 гектарга төө буурчак эгип алышкан. Ал эми «кант кызылчасын Таластын ичинен алып кетебиз» деп убада берген «Бакай», «Кошой» заводдору кызылчаны Жамбылдын Гродикова айылында кабыл алып жатышат. Кайыңды заводуна дыйкандар Маймак аркылуу 2-3 күн бою түнөп-конуп жөнөткөн кызылча 22 миң 700 тоннаны түздү. Кызылча болсо быйыл облус боюнча 3 миң 941 гектарга эгилген.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG