БИШКЕК. Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы аталышы менен уставын өзгөртүп, Юстиция министрлигинде кайра катталды. Ага ылайык партия «Аялдардын «Жаңы күч» демократиялык партиясы» деп аталып калды. Мындай маалымат бүгүн партиянын төрайымы Токон Шайлиевадан алынды. Анын сөзүнө караганда, «Жаңы күч» партиясына мындан ары жалаң аялдар гана эмес, 18 жашка чыккан бардык атуулдар мүчө боло алышат. Партия өз программасына ылайык өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүүнү жана татыктуу кадрларды жоопкерчиликтүү иштерге даярдоону башкы максат кылып коет. Токон Шайлиеванын билдирүүсү боюнча, азыр партиянын расмий каттоодон өткөн 5 миң мүчөсү бар.