Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Аксыдагы «Энелер кыймылынын» өкүлү ЕККУнун жыйынына барбай калды


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) кыйноолор маселеси боюнча 6-7-ноябрда Венада боло турган чогулушуна Аксы районундагы «Энелер кыймылынынын» төрайымы Дилбар Момукулова барбай калды. Бүгүн мындай маалымат «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасуловадан алынды. Анын билдиргенине караганда, буга Дилбар Момукулованын паспортуна чет өлкөгө чыгуу баракчасын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы ачпай койгону себеп болду. Андан тышкары, Кыргызстандан ЕККУнун кыйноолорго арналган жылдык чогулушуна «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова жана «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова чакырылган.

XS
SM
MD
LG