Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Кыргызстанга ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус келди. Ал Бишкекте бүгүн башталган «Билим берүү - көп улуттуу коомду интеграциялоонун каражаты» аттуу эки күндүк эл аралык конференцияга катышты. Конференцияда президент Аскар Акаев жана эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү да болушту. Президент А. Акаев өз сөзүндө улут аралык ынтымакты камсыз кылыш үчүн бардык улуттардын өкүлдөрүнө билим берүүнү жакшыртуу керек экенин белгиледи. Конференция ЕККУ, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстан элинин ассамблеясы тарабынан уюштурулду.
Ушул эле күнү Рольф Экеусту президент А.Акаев кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ЕККУнун өкүлү өз иш сапарында бир катар өкмөт мүчөлөрү жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG