Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Михаил Ходорковский «ЮКОСтун» жетекчилигинен кетет


Бул тууралуу учурда камакта отурган М.Ходорковскийдин дүйшөмбүдө кечинде таратылган билдирүүсүндө айтылган. М.Ходорковский өз билдирүүсүндө белгилегендей, ал жетекчиликтен "ЮКОСтун" эмгек жамаатын соккудан кутултуу үчүн кетүүдө жана мындан ары компаниянын акционерлери тарабынан уюштурулуп, "Ачык Орусия" деп аталган кайрымдуулук уюмун жетектөөнү гана улантмакчы. Орусиядагы эң ири мунай компаниянын башчысы 25-октябрда камакка алынган эле. Ага "көз боёмочулукка барган", "салык төлөөдөн качкан" деген айып коюлууда. Өткөн аптада Орусиянын Башкы прокуратурасы "ЮКОСтун" М.Ходорковскийге жана анын өнөктөштөрүнө тиешелүү акцияларын да камакка алган болчу. М.Ходорковскийдин отставкага кетип жаткандыгы жөнүндөгү жарыясынан кийин Орусиянын баалуу кагаздар рыногунда "ЮКОСтун" акцияларынын наркы көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG