Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Британ премьери өткөн апта ирактыктар жана коалициянын аскерлери үчүн катаал болду деп эсептейт


Бүгүн басма сөз катчысы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө Тони Блэр АКШ баштаган коалиция жоготууларга карабай, Иракты кайра куруу иштерин токтотпосун белгилеген. Британ өкмөт башчысынын пикиринде, соңку окуялар Иракта буга чейин жетишилген ийгиликтерге көлөкө түшүрө албайт. Мунун алдында расмий Вашингтон да жогорудагыга үндөш билдирүү жасап, Иракта террорчуларга каршы күрөш улантылаарын ырастаган эле. Кечээги кол салууларда 18 америкалык, анын ичинде аскердик тик учма атып түшүрүлгөндө 16 жоокер каза таап, 21и жаракат алды. Ал эми бүгүн Ирактын ар кайсы шаарларында жарылуулардан жана ок жеп 4 жергиликтүү тургун мерт болду. Жаракат алгандар да ондон ашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG