Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

БИШКЕКТЕ УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНУУДА


3-октябрда Бишкекте «Билим берүү - көп улуттуу коомдогу интеграциянын каражаты» («Образование как средство интеграции в полиэтнических обществах») аттуу эки күндүк эл аралык конференция башталды. Конференциянын жалпы отурумунда президент Аскар Акаев жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус сөз сүйлөштү.

Улуттардын биримдиги жана алардын коомдук турмушка эркин аралашышы - мамлекеттин бекемделишинин башкы шарты. Ошондуктан көп улуттуу өлкөнүн ынтымак-ымаласын бекемдөө жана бул багытта ишти жандандыруу жаатында билим берүү тармагынын чоң милдети бар . ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссарлыгы, Кыргызстан элинин ассамблеясы, Билим берүү жана маданият министрлиги жана Улуттук саясат институту биргелешип өткөрүп жаткан конференция мына ушул өңүткө басым жасады.

Конференциянын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Аскар Акаев улуттар ортосундагы жалпы маанайды аныктоочу жана калыптоочу үч негизги багытты белгиледи. Алар - тилдерди үйрөнүү, ар бир улуттун бирдиктүү элге таандык экенин сезүү жана калкты көп түрдүү маданиятты билип, үйрөнүүгө тарбиялоо. Президенттин айтымында, бул - калктын бирдиктүүлүгүн калыптандыруу багытында мектептин жана үй-бүлөнүн аткара турган негизги милдеттери.

- Эгемендүү Кыргызстанды куруунун биринчи этабында кыргыз тили маданиятка караганда саясатка көбүрөөк тиешелүү маселе болчу. Ошондуктан биз мамлекеттик тил менен кошо улут аралык байланыш тили катары орус тилин расмий тил кылып алганбыз, - дейт президент А. Акаев. – Былтыр билим берүү концепциясы талкууланып атканда мен, биздин атуулдар мамлекеттик кыргыз, расмий орус тилдеринде, мындан тышкары кытайбы, түркпү же фарси тилиби, айтор аймактык дагы бир тилде эркин сүйлөөгө ыңгайлашкыдай системага өтүүгө милдеттендиргем. Казак, өзбек тилдерин болсо ансыз деле абдан жакшы түшүнөбүз, анткени биз - түрк элинин балдарыбыз.

Башка тилдерден айырмаланып, кыргыз тили өлкөдөгү бирдиктүү элдин карым-катышынын негизги механизми катары кызмат кылат. Бирок бул тилге олуттуу маани берилбей калууда. Президенттин баамында, кыргыз тили өтө жай темп менен өнүгүүдө. “Маалымат каражаттары менен Интернеттеги ордунун жупунулугун эске албаганда деле, кыргыз тилин өнүктүрүү багытындагы аракеттер канааттандырарлык эмес”, дейт Акаев.

Билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын маалыматы боюнча, азыр кыргыз тилиндеги 1320, өзбек тилиндеги 237, орус тилиндеги 147, тажик тилиндеги 2 жана аралаш тилдерде окуткан 404 мектеп бар.

Бирок азыркы өнүгүү шартында окутуу заманбап жүргөн жери жок. Аны жөнгө салыш үчүн азыр Кыргызстанда окутуунун технологиясы тартыш, окуу куралдары жетишсиз. Бул багытта Орусия, Украина, Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жардам берип жүрүшөт. Кыргызстан болсо уйгур, өзбек, дунган, тажик ж. б. тилдерде билим берүүгө жардамдашкандардын мындан да көп болушун көздөйт.

Ал эми ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча башкы комиссарлыгы Кыргызстандагы улуттардын башка өлкөлөргө үлгү болгудай тең укукта, бир эл, бир журт катары өнүгүшүн каалайт жана ага шарт бар деп эсептейт. Ошондуктан конференциянын максаттарынын бири - сунуштарды даярдоочу жумушчу топ түзүү. Р. Экеус бул идеяны конференцияда сүйлөгөн сөзүндө мындайча негиздеди:

- Бул - улуттук азчылыктардын жуурулушуп кетиши же коомчулуктун калган бөлүгүнөн окчундашы эмес. Мен үчүнчү жолду - гармониялуу интеграциялоону, башкача айтканда көпчүлүктүн да, азчылыктын да өнүгүшүнүн мыйзамдуу жолун табууга аракеттенип атам. Мамлекет алардын жалпы үйү болгудай, алар өздөрүн экинчи сорттогу атуул катары сезбегидей болушу керек. Мен ошонун жолун табууну каалайм.

Конференциянын акырында түзүлмөкчү болгон жумушчу топтун курамына эл аралык уюмдардын, бийлик органдарынын, улуттук азчылыктардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет. Конференция 4-ноябрда аяктайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG