Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Ходорковский кызматтан кетти


“ЮКОС” мунай компаниясынын камакта отурган төрагасы Михаил Ходорковский дүйшөмбү күнү кечинде компанияда ээлеген кызматынан кетерин билдирди. Анын айтымында “ЮКОСтун” эмгек жамаатын сактап калуу иретинде, ал ушундай кадам жасаган. Келечекте Ходорковский “ Ачык Орусия” кайрымдуулук корун жетектей тургандыгын маалымдады. 25-октябрда Орусия прокуратурасы ага карата “алдамчылык кылган жана кирешелерди салыктан жашырган” деген айып тагып камакка алынган. Ал жетектеген “ЮКОС” мунай компаниясынын акцияларынын 44% камакка алынышынан, компания олуттуу чыгымга учураган.
Дүйшөмбүнүн кечинде Орусиянын баалуу кагаздар базарынын өкүлдөрү Ходорковскийдин бизнестен кетишин туура көрүштү.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG