Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН АБАЛЫ


Төрөкул Дооров, Москва Жакында Орусия менен Кыргызстан ортосунда мамлекеттик деңгээлде мигранттар абалын жеңилдетүүгө багытталган келишимге кол коюлду. Бул документ Орусиядагы кыргызстандык атуулдарга белгилүү деңгээлде жеңилдиктерди бериши керек. Анткен менен айрым адистер аталган документ эмгекчилердин абалын жакшыртуусу күмөндүү дешет.

Акыркы он жыл ичинде Орусияга жумуш издеп келгендердин саны, жумурияттын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кескин жогорулап, ушул тапта 30 миллионго чукулдап калды. Орусиядагы эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү постсоветтик өлкөлөрдүн атуулдары. Орусиянын миграция саясатындагы олуттуу кемчиликтер бул алкакта тез-тез жаралып туруучу өзгөрүүлөрдү пайда кылууда. Анткен менен өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө карабастан, ички иштер органдарынын эмгек мигранттарына, өзгөчө мыйзамсыз иштеп жатышкан адамдарга болгон мамилеси өзгөргөн жок.

Адам укугун коргоочу Human Rights Watch эларалык уюмунун Москвадагы өкүлү Александр Петровдун пикиринде, ушул кезде Москванын көчөлөрүндө көп кездешүүчү окуялар мындан үч-төрт жыл мурдараак башталган тажрыйба дале болсо колдонулуп жаткандыгын айгинилейт:

- Эл көп топтолуучу жерлерде: көчөлөрдө жана метродо милиционерлердин топтору текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Текшерүү жалаң гана адамдын сырткы келбети, өң-түсү үстүндө жүрөт. Сиз славян улутундагы адам эмессизби – демек, сидин текшерүүгө кабылышыңыздан күмөн жок. Бул өңдүү иштер, алардын айтымдарында, терроризмге каршы күрөшүү зарылдыгы менен байланыштуу.

Айрым эксперттердин бамында, жергиликтүү калк үчүн «мигрант», болгондо да «мыйзамсыз иштеп жаткан мигрант» деген сөз жагымсыз угулат. Андыктан, милиционерлердин мигранттарга карата орой мамилеси көп учурда коом тарабынан колдоого алынбаса да, терс эмоцияларды жаратпайт. Орусияга толугу менен мыйзам чегинде келип иштеп жатышкан кыргызстандыктар өтө эле сейрек кездешет. Көп учурда алар кайсыл бир тармактардын жогорку билимдүү адистери. Ал эми калгандары «мыйзамсыз жумуш күчү» катарында белгилүү.

Ушундан улам, 22-сентябрда Москвада Кыргызстандын жана Орусиянын тийиштүү органдары тарабынан кол коюлган документ мигранттардын абалын жакшыртуусу керек. Бул келишим эки мамлекеттин парламентарийлери тарабынан бекитилгенден кийин гана күчүнө кирет. Ал берчү жеңилдиктер тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси, консул Аскар Бешимов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Негизи, Орусиядагы кыргызстандыктар базарларда, курулуш иштеринде иштешет. Жаңы ишке кирүүчү келишимге ылайык, базарларда иштегендер үчүн патент алып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Буга чейин патент бул жерде туруктуу жашагандарга гана берилчү. Эми аны кайсыл бир кыска мөөнөткө келген эмгек мигранты да алууга акысы бар. Дагы бир маанилүү жагы: курулуш фирмаларында иштегендер үчүн чоң жеңилдик пайда болот. Мисалы, азыркы учурда Кыргызстандан адистерди курулуш ишине чакырган компания 200 доллар алдын ала акча төгүүсү шарт. Андан сырткары, чет элдик атуулду жумушка тартуу боюнча атайын уруксат алуусу керек. Эми бул келишим ишке киргенден соң, Кыргызстандан адис чыкырууну каалаган компанияга бул уруксаттын кереги жок болот.

Аскар Бешимовдун айтымында, мыйзам Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалын тез жакшыртып жибербейт. Анткени, бул жеңилдиктер эң алды Орусияда мыйзамдуу эмгектенип жүрүшкөн адамдарга гана тарайт, ал эми мигранттардын көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп жүрүшкөндөр.

Кыргызстандык саясатчы, медицина илимдеринин доктору Кубанычбек Апас Москвага тез-тез келип турат жана өзү айткандай, Москвадагы кыргызстандыктардын абалы менен жакшы тааныш. Анын пикиринде, акыркы мезгилдерде кыргызстандык мигранттарга болгон мамиле жакшы жагына өзгөрүүдө.

- Москвада мен билген кыргыздардын көпчүлүгү базарларда иштешет. Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакында Кыргызстандан келишкен жумуш мигранттары тууралуу жакшы сөзү, аларды колдоо жана куугунттукка албоо тууралуу айткен кеби, менимче, эки өлкөнүн кызматташтыгынын жакшы жемиши болушу керек.
XS
SM
MD
LG