Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

ДЕПУТАТТАР ЭМНЕ ҮЧҮН ЖУМУШКА КЕЛИШПЕЙТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынында кеңешмеге катышып отурган депутаттардын саны жетишсиз болгондуктан, мыйзам кабыл алууга мүмкүн болбой калган учурлар да болот. Ал эми жумушка көп келбей калган депутаттарга акчалай айып тагылат. Депутаттардын этикасы боюнча комиссия мындай депутаттарды тизмелеп, алардан түшүнүк кат алганы менен, отурумдан көп калган депутаттарга анча деле таасир этпейт көрүнөт.

Соңку учурда Мыйзам чыгаруу жыйынында кворум жок болгондуктан мыйзамды кароо токтотулган күндөр көп кайталанууда. Мыйзам чыгаруу жыйынында азыр 60 депутат бар, анын кыркы отурганда гана кворум бар деп саналат. Дүйшөмбүдө, айрым байкоочулардын баамында, бул палатада кайрадан кворум болбой калды. Бирок депутаттар ноябрь айынын күн тартибин бекитишти. Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев тыныгуу убагында мындай деди:

- Айрым депутаттардын ишке мамилеси абдан начар. Эртең менен келип каттоодон өтүп коюп эле жоголуп кетчү депутаттар да бар. Ал эми кээде жок эле депутаттын атынан башкалары добуш берип, кнопкасын баса беришет. Мына бүгүн да залда 34 эле депутат отурат, ал эми кошмо нарк салыгы тууралуу мыйзам боюнча 45 добуш менен маселени чечип коюшту.

Буга депутаттардын өз жообу бар. Мисалы, Марат Султановдун пикиринде, президенттин өкүлү реалдуураак болгону оң. «Президентке керек мыйзам болгондо ал көрмөксөн болуп калат. Же дайыма көрүп турсун же дайым көрмөксөнгө салсын», дейт Марат Султанов. Кээде залда отурган депуттардын саны 40ка чыкпай калат. Айрымдар сыртка чыгып алып чай ичип, тамеки чегип, журналисттер менен сүйлөшүп жүрө беришет. Кай биринин зарыл иши чыгып калганда, эртең менен келип каттоодон өтүп коюп эле кетип калышат. Чет жакка делегациялар кеткенде депутаттардын арасы ого бетер суюла түшөт. Мисалы, бүгүнкү күндө спикер Абдыганы Эркебаев баштаган 6 депутат Грецияда жүрөт. Кээде мындай делегациялардын бир канчасы бир учурда чет мамлекетке жөнөгөндө залда кворумдун болушу чоң проблемага айланат. Мыйзам чыгаруу жыйынындагы депутаттардын этикасы боюнча комиссияны жетектеген Орозбек Дүйшеевдин айтымында, мындай иш сапарларды туура пландоо керек. Орозбек Дүйшеев «бул ишти спикер жөнгө салышы керек» деген оюн билдирди.

Бул этикалык комиссия “кайсы депутат жумушка кандай келип атат, канча жолу ишке себепсиз келген жок” деп эсепке алат. Орозбек Дүйшеевдин айтымында, сентябрда 4-5 депутат жумушка көп келбей калганы катталды жана айлыгынан акчасы кыркылды. Ал эми октябрда көп калгандар түшүнүк кат жазганы турушат:

- 16 депутат өткөн айда көп жолу жумушка келбептир. Азыр сегизи түшүнүк кат берди. Калгандарыныкын күтүп атам. Айлыктары кыркылат, бирок бул деле чоң бизнесмендер үчүн кеп болбой калат экен. “Акчалай сыйлыгын кыркалы” деген сунуш менен чыккам. Акчалай сыйлык депутаттардын айлыгынын 50- 60% түзөт. Көбүрөөк акчасынан айрылса, анан депутаттар бир аз ойлонот беле?

Мыйзам чыгаруу жыйынында мектептеги сабактан качкан окуучулар өңдөнүп, отурумга көп келбей калган да депутаттар бар. Алар - дайыма төрага Абдыганы Эркебаев менен этикалык комиссиянын “кара тизмесиндегилер”. Алардын атын атоону комиссиянын башчысы Орозбек Дүйшеев да каалаган жок. Биз да алардын айыбын шайлоочуларынын астында ачууну көздөгөн жокпуз. Кээде залда кворум жок болсо да палата иштей берет. Себеби, бири-бирине ишенип тапшырып койгондуктан, депутаттар жанындагысынын кнопкасын басып коюшат. Айрым депутаттардын баамында, бул дүйнөлүк тажрыйба.

Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында:
- Мен канча чет мамлекеттерге бардым, ал жакта “сөзсүз өзү гана отуруш керек” деген норма жок. Биздин “Ак Үйдүн” чала сабат юристтери бизди көзөмөлдөйбүз деген кыязда ушундай жазып салышкан. Депутаттар округдарында иштей берет, мыйзамга фракция жетекчилери эле добуш берип коюшат. Бара-бара биз деле ушул нормага өткөнүбүз оң.

Ал эми депутаттардын мыйзам кабыл алуу процессине анча кызыкпай калганын саясий себептер менен түшүндүргөндөр да бар. Депутат Бектур Асанов дал ушундай пикирде. Анын оюнда, бул Кыргызстанда терең саясий кризис башталгынын белгиси. Депутаттар парламентте отуруп иштегенден реалдуу натыйжа аз экенин көрүп атышат. «Андан көрө округга барып, бир шайлоочунун маселесин чечип койсо, чоң жумуш бүтүргөн болот» дейт депутат Асанов.

XS
SM
MD
LG