Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

ЕврАзЭС мамлекеттеринин юстиция министрлери Бишкекке чогулушту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕврАзЭС) Юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйыны болду. Орусиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Беларустун юстиция министрлерин бул күнү премьер-министр Николай Танаев кабыл алды. Жолугушууда ал бул уюмга кирген мамлекеттердин мыйзамдарын интеграциялоого кыргыз өкмөтү аракеттенип жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, эки жыл аралыгында 4500 мыйзам актылары кайра каралып, 300дөн ашуун мыйзам оңдоп-түзөтүш үчүн парламентке жөнөтүлгөн. Ал эми кеңештин жыйынында ЕврАзЭСтин укуктук системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, уюмдун укуктук актыларын ишке ашырууну ылдамдатуу маселелери каралды.

XS
SM
MD
LG