Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

БИШКЕКТЕ МИНАЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛАТ


Бүгүн БУУнун Бишкектеги Үйүндө “КМШ өлкөлөрүндөгү жана Борбор Азиядагы жөө аскерлерге каршы миналар. Абал, проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору” деген аталыштагы эл аралык конференция башталат. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнөн келген активисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жыйында Кыргызстан үчүн олуттуу деп эсептелген маселени талкуулашат.

Жөө аскерлерге каршы коюлчу миналар маселеси Кыргызстан үчүн өзгөчө олуттуу проблема бойдон калууда. 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынан кийин Өзбекстан ортодогу азырынча тактала элек жерлерге мина көөмп коюшу Кыргызстанга кыйла мал-жан чыгымын алып келди. Баткен облусунун жетекчилиги быйыл жайында Өзбекстан койгон минадан Кыргызстандын атуулу курман болгондо атайын кайрылуу жөнөткөн. Кыргызстандын далай кайрылууларын Өзбекстан жоопсуз калтырды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев Баткендеги азыркы абал тууралуу мындай дейт:

- Күндөн-күнгө эл буга көп түшүнүп, көп суроолорду берип атышат. Баары чочулашууда. Кудай урбадыбы эми, 500 метр үйүнөн чыкса эле сайда жанагындай болуп мина жарылып, 50-100 коюнан ажырап, анан адам өлүп атпайбы! Кайсы жерде дагы канча мина жатканын эч ким айтып бере албайт.

Өзбекстан мина коюуга тыюу салуу жөнүндөгү Оттава конвенциясына кол койгон эмес. Айрым маалымат каражаттарында Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш талаштуу жерлерге койгон миналарын тазалоого Орусия жардам бериши мүмкүн экени кабарланды. Азырынча андай маалыматтын анык-төгүнү тактала элек.
XS
SM
MD
LG