Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Германия менен Испания Еврошаркеттин Конституциясы боюнча орток пикирге келе алышкан жок


БЕРЛИН. Германия менен Испания Еврошаркеттин Конституциясы боюнча орток пикирге келе алган жок. Бул жөнүндө Берлинде испан премьери Хосе Мариа Аснар менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Германиянын канцлери Герхард Шрөдер кабарлады. Испания, Австрия жана Польша Еврокомиссияга мүчө өлкөлөрдүн санын 15 өлкө менен чектөө жөнүндөгү Германиянын сунушуна каршы чыгып жатышат. Германия, Еврошаркетке жаңы 10 өлкө кабыл алынгандан кийин Европанын эң ири өлкөсү катары уюмда олуттуу таасирге ээ болгусу келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG