Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Иракта бомбанын жарылуусунан дагы америкалык бир жоокер курман болду


БАГДАД. Багадда бомбанын жарылуусунан америкалык бир жоокер курман болуп, бирөө жарат алды. Өткөн түнү Саддам Хусейиндин туулуп-өскөн шаары Тикритте колго жасалган бомбанын жарылуусунан бир америкалык жоокер мерт болгон. Бул кол салуулар АКШнын президенти Жорж Буш Америка Ирактагы миссиясынын өтөлүнө чыга турганын дагы бир жолу бекемдегенден кийин жасалып отурат. Буш:
- Ирактагы душман Америка качып кетет деп ойлоп жатат. Ошон үчүн бейкүнөө ал карапайым кишилерди, эл аралык соопчулук уюмдардын кызматкерлерин, коалициялык аскерлерди ылгабастан өлтүрүүдө. Америка эч жакка кетпейт. Ал өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн баардык нерсени жасайт.
Кечээ Вашингтондо АКШнын сенаты Американын Ирактагы жана Ооганстандагы аскердик операцияларына 87 жарым миллиард доллар бөлүп берүү жөнүндөгү чечимин бекитти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG