Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

ӨКМӨТТҮН МИЛДЕТИ – АЗЫРКЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИ КОЛДОН ЧЫГАРБОО


Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт өзүнүн шаршемби күнкү отурумунда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн быйылкы жылдын 9 айындагы жыйынтыгын жана бюджеттин аткарылышын карады. Финансы министрлиги берген маалыматка караганда, азыр өлкөнүн экономикасы турукташып калды.

Экономиканын 9 айлык жыйынтыгы боюнча маалымат берген финансы министринин орун басары Сабырбек Молдокуловдун билдирүүсүнө караганда, ички дүң продуктунун өсүш темпи, Кумтөрдү кошуп эсептегенде 5,1%, кошпогондо 3,7% болду. Ал былтыр төмөндөп кеткенин эске алганда, бул жакшы көрсөткүч. Финансы министрлиги «өкмөттүн азыркы милдети - бул жетишкендиктерди колдон чыгарбоо» деп эсептейт.

Сабырбек Молдокулов:
- Биз калган 2 ай ичинде экономикада жана социалдык чөйрөдө түзүлгөн тенденцияларды бекемдөө жана экономикалык өсүш темпин биз мурда болжолдогондой 5,2% деңгээлинде камсыз кылыш үчүн колдон келишинче аракет көрүшүбүз керек. 9 айдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн абал муну ишке ашырса болоорунан үмүттөндүрөт.

С.Молдокулов айтымында, экономикалык өсүштү азыр негизинен 2 тармак - алтын казуу жана энергетика берип жатат. Ал өз сөзүндө Кумтөр алтын кени түгөнүп баратканын жана электр станцияларынын кубаттуулугу чектелүү экендигин айтты. «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» программасында белгиленгендей, жылына 4-5% экономикалык өсүштү камсыз кылыш үчүн анын ордун башка тармактардын эсебинен толтурууга туура келет. Бул пикирге премьер-министр Николай Танаев да кошулду. Анын ою боюнча, бул үчүн өкмөт, биринчиден, азыр эч нерсе чыгарбай токтоп турган 173 ири ишкананы ишке киргизүүгө аракет кылышы зарыл. Экинчиден, инвестицияны көбөйтүү керек.

Николай Танаев:
- Биз 2006-жылга карата мамлекеттик инвестицияны 3% чейин азайтышыбыз керек экенин баарыңыздар билесиздер. Андан көп инвестиция ала албайбыз. Жыл сайын азая берет. Эгерде биз өкмөттүн кепилдигисиз инвестиция тарта албасак, саналуу жылдардын ичинде инфраструктурабызды жоготуп алабыз.

Сабырбек Молдокуловдун маалыматы боюнча, I жарым жылдыкта өлкөгө салынган түз инвестиция 43,3 млн. доллар гана болгон. Жалпы инвестиция 6 млрд. сомдон ашып, ички дүң продуктунун 10% түзгөн. Өкмөт башчысы аны 17% жеткирүү зарыл экенин белгиледи. Николай Танаев экспорт менен импорттун ортосунда ажырымдын (дисбаланстын) өсүп баратканына министрлердин көңүлүн бурду. Ал Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп, алар биздин экспортко коюп жаткан тоскоолдуктарды жоюу тууралуу иш жүргүзүүнү тапшырды.

Бюджеттин аткарылышы тууралуу баяндаманы финансы министри Болот Абилдаев өзү жасап, бюджеттин чыгаша бөлүгү корголгон жана корголбогон беренелердин баарын кошуп эсептегенде 97% аткарылганын билдирди. Жогорку Кеңеш бекиткен бюджет боюнча анын тартыштыгы 124 млн. сом болуш керек болсо, ал азыр 471 млн. сомго чыгып кеткен. Бюджеттин тартыштыгы Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсебинде 490 млн. сом түзөт экен.

Николай Танаев өкмөт мүчөлөрүн бюджетти 100% аткарууга чакырып, мындай деди:

- ЭВФ менен тартыштыкты 490 млн. сом деп кол коебуз. Айрым чыгымдар кыскартууга жатат. Бирок биз баары бир анын ордун ички резервдердин эсебинен толтурушубуз зарыл. Андай резерв болсо бизде бар.

XS
SM
MD
LG