Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Багдаддагы жардыруудан 4 адам жарадар болду


Шейшемби күнү кечинде Багдадда АКШ менен Британиянын убактылуу администрациясынын жанындагы жардыруудан 4 адам жарадар болду. Күбөлөрдүн айтымында бир жардыруу ракеталык атууга байланыштуу. Башка бир маалыматтарга караганда өткөн сутканын ичинде мина жарылып, бир АКШ аскери курман болуп, экөө жараат алган. Тикритте да бир америкалык аскер набыт болду. Британиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче Басрадагы кол салуудан британ жоокери курман болгон. Ирактагы террордук кол салууга байланыштуу Испания элчилги кызматкерлерин чыгарып кетүүнү жарыялады.

XS
SM
MD
LG