Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

ТҮНДҮК КОРЕЯГА АТОМДУК РЕАКТОР КУРУП БЕРҮҮНҮ КАРАГАН ДОЛБООР ТОКТОТУЛУШУ МҮМКҮН


Улан Алымкул уулу, Прага Түндүк Кореяга эки атомдук реактор орнотуп берүүнү караган эл аралык долбоордун иши токтотулушу мүмкүн. Шейшемби күнү Нью-Йоркто аталган маселе боюнча өткөн жыйындан кийин маалым болгондой, акыркы чечим ушул айдын соңунда жарыяланмакчы. Ал эми америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, жогорудагы долбоордун катышуучулары иш жүзүндө аны токтотууну макулдашкан жана муну менен АКШ - Түндүк Корея ортосунда 1994- жылы түзүлгөн келишим да күчүн жоготушу ыктымал.

Түндүк Кореяга эки өзөктүк реакторду куруп берүү иштерин Кореянын Энергетикалык Өнүгүү же кыскача "КЕДО" деп аталган эл аралык концорциум жүргүзүп жаткан. Аталган концорциум Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда 1994-жылы жетишилген макулдашууну аткаруу максатында, 1995 –жылы уюштурулган эле. Кошмо Штаттар президент Билл Клинтондун администрациясы учурунда Түндүк Корея менен түзгөн ал макулдашууга ылайык, Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал программасын токтотмок. Анын ордуна АКШ жана анын өнөктөштөрү Түндүк Кореяга өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат- плутонийди өндүрүүгө жөндөмдүү эски атомдук реакторлорунун ордуна жеңил сууда иштей турган жаңы эки атомдук реактор орнотуп бермек. Ошондой эле АКШ аталган курулуш аяктаганга чейин Түндүк Кореяга энергетикалык муктаждыктары үчүн жылына 500 миң тонна мазут берип турмак. Долбоордун жалпы наркы – 4,6 миллиард долларга бааланган. Аны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн концорциумга Кошмо Штаттардан тышкары Түштүк Корея, Жапония, Евросоюз кошулган болчу.

Бирок, кризис былтыр октябрь айында америкалыктар менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө расмий Пхеньян өзөктүк курал программасын өнүктүрүп жатканын моюнга алгандан кийин башталды. Ушундан соң Вашингтон Пхеньянды 94-жылкы келишимди бузганы үчүн айыптап, мазут берүүнү токтоткон. Ал эми Пхеньян МАГАТЭнин эксперттерин өлкөдөн айдап чыгып, мурда тоңдурулган Йонбон атомдук электростанциясын кайра иштете баштаган. Кошмо Штаттар азыр Түндүк Кореяда өзөктүк курал бар экенинен же ал ага жетүү алдында турганынан күмөнсүнбөйт. Пхеньянды өзөктүк куралдан баш тарттыруу максатында дипломатиялык аракеттер тынбай эле жүрүүдө, бирок азырынча андан олуттуу натыйжа чыга элек. Бул талашты АКШ менен гана эки тараптуу деңгээлде чечүүнү талап кылып жүргөн Түндүк Кореянын коңшулары: Түштүк Корея, Кытай, Жапония, ошондой эле АКШ жана Орусиянын катышуусундагы көп тараптуу сүйлөшүүлөргө көнүп, анын алгачкысы август айында, Пекинде жыйынтыксыз аяктады. Эми сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына даярдык көрүлүүдө. Андыктан, Түндүк Кореяга өзөктүк реактор орнотуп берүүнү караган долбоор токтотулаары жөнүндөгү маалыматтарды жогорудагы окуялардын уландысы катары кароого болот.

"КЕДО" концорциумунун Башкаруучулар кеңешинин ушул шейшембиде Нью-Йоркто өткөн жыйынынан соң билдирилгендей, долбоордун тагдырын чечүү маселеси ага катышкан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө сунушталды жана соңку чечим 21-ноябрга чейин жарыяланмакчы. Анткен менен америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жолугушууга катышкан расмий өкүлдөргө шилтеме берип жазганына караганда, долбоорду убактысынча токтотуу жөнүндөгү макулдашуу иш жүзүндө жетишилген.

"Нью – Йорк Таймстын" пикиринде, балким жогорудагыдай жарыя АКШ менен Түндүк Корея ортосунда 94- жылы түзүлгөн макулдашуунун күнү бүтөт дегенди да туюндурат. Себеби, президент Бушта жана анын администрациясында бул долбоорду кайрадан улантуу ниети жок жана өз өнөктөштөрүн буга ынандырууда. АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели шейшембидеги басма сөз жыйынында "биз бул долбоорду жыйынтыктоону каалайбыз" деп ачык эле айтты.
Курулуш мурда белгиленген графиктен арта калганы менен анын жерпайын түптөө иштери азыркыга чейин жүрүп жаткан. Ал жердеги курулушчулар арасында өзбекстандык адистер да бар. Долбоор буга чейин көбүнесе Түштүк Корея жана Жапония тараптан каржыланып келди. Бирок, ошол эле учурда долбоордун токтотулушу катачылык болот деген пикирлер да жок эмес.
XS
SM
MD
LG