Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Бүгүн Бишкекте Насирдин Исановдун эстелиги ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Эркиндик гүлбагында Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды. Аны ачууга премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Насирдин Исанов өкмөт башчысы болуп 1991-жылдын башында дайындалып, ошол жылдын ноябрь айында 48 жаш курагында, Ош-Бишкек автожолунда болгон кырсыктан каза тапкан. Н. Исанов ага чейин 1990-жылы вице-президент болгон.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG