БИШКЕК. 19-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токоев жумушчу сапары менен келет. Анын келишинин максаты - эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү. К. Токоев Бишкекте президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушмакчы. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынан алынды.