Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Баткен облусундагы бодо мал шарп менен ылаңдай баштады


БАТКЕН. Облустук ветеринария башкармалыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, жалпысынан облустун аймагында 28 баш бодо мал ушундай илдетке кабылган. Алардын 15 Баткен шаарынын тургундарына, ал эми 13 Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн жана Акбулак айылынын жашоочуларына тиешелүү. Азыр илдет жайылып кетпеши үчүн ылаң чыккан жерлердин бардыгында карантин жарыяланып, мал базарлар жабылып, малды айдап чыгууга, эт-сүт азыктарын сатууга тыюу салынды. Облус боюнча 8 ветеринардык бекет коюлуп, иштей баштады. Мындан тышкары, малды эмдөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG