Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Талас облусуна жаратылыш газы бериле баштады


ТАЛАС. Облустук администрациянын басма сөз кызматынан бүгүн алынган маалыматка караганда, Казакстандан Талас облусунда жаратылыш газы бериле баштады. Карабуура районундагы Аманбаев айылынын 130 үйүндө газ күйдү. «Кыргызгаз» акционердик коому ар бири 2500 сомдук газ эсептегичти азырынча 130 үйгө гана койду. Мындан ары эсептегич орнотулган ар бир үй-бүлөгө газ бериле баштайт. Талас облусуна газ берүү мындан 4 жыл мурда токтотулган жана карыз 4 млн. сомго жакын сумманы түзгөн. Бул карыздын 2 млн. 200 миң сому кечилди, 1 млн. 300 миң сомду эл өзү төлөй турган болду.

XS
SM
MD
LG