Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Качкындарды коргоонун Кыргызстандагы абалын БУУнун башкы комиссарлыгынын өкүлү иликтөөдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын эл аралык коргоо департаментинин директору Эрика Феллер айым келди. Анын Кыргызстандагы иш сапарынын максаты - качкындарды коргоонун абалы менен таанышуу. Ал ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда качкындар иштери боюнча кыргыз өкмөтү менен БУУнун Башкы комиссарлыгынын ортосундагы кызматташтык жана качкындарды коргоо маселеси талкууга алынды. Эрика Феллер айым Кыргызстанда 7-ноябрга чейин болуп, Кыргызстандын атуулдугун алган тажикстандык качкындарга паспорт тапшыруу аземине катышат.

XS
SM
MD
LG