Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Грузияда оппозициянын демонстрациясына күтүлгөндөн аз киши катышты


Оппозиция лидери Михаил Саакашвили президент Эдуард Шеварднадзени кызматынан кетүүгө чакырды. Саакашвили кечээ жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы массалык демонстрация болот деген эле. Бирок бүгүнкү жүрүшкө миңге жетпеген гана киши келди.
Шеварднадзе элди ынтымакка чакырып, мындай деди:
– Отставкамды талап кылгандарга бышы кулак болуп калгам, мени эч ким коркута албайт. Мамлекетке каршы күч колдонуу мыйзам тарабынан жазаланаарын ар бир киши билип коюшу керек. Бирок мен муну каалабайм, биз баарыбыз чогуу-чараң иштешибиз керек.
Добуштардын 60 пайызы саналгандан кийин кабарлангандай, дээрлик 25 жарым пайыз менен өкмөтчүл "Жаңы Грузия" блогу алга озуп чыкты. Саакашвилинин Улуттук Кыймыл блогу 24 жарым пайыз алды. Ал эми Жумушчу партиясы 15 пайыз менен үчүнчү орунда келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG