Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

БИШКЕКТЕ МИНАЛАРДЫН КЕСЕПЕТИН ТАЛКУУЛАГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ


5-ноябрда Бишкекте «Дүйнө дарыгерлери ядролук согушка каршы» эл аралык уюмунун кыргыз комитетинин демилгеси менен миналардын көйгөйүнө арналган эл аралык конференция болуп өттү. Анда Шериктештик мамлекеттеринде, өзгөчө Борбор Азия аймагында коюлган миналардан жыл сайын ондогон адамдар жарылып, каза табаары айтылып, миналардын кесепеттерин жоюунун жолдору талкууланды.

Жыл сайын орто эсеп менен дүйнөдө 15 миңге жакын адам миналардын жарылуусунан каза табат. Алардын 25% балдар. Ал эми 2000-жылдан бери Өзбекстан койгон миналардан Кыргызстандын 5 тургуну көз жумган. Өзбекстанда да, Кыргызстанда да согуштук аракеттер болбогону менен, чегарадагы миналарды Өзбекстан жакын арада тазалай турган түрү жок. Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги Үйүндө өткөн эл аралык конференцияда айтылды. Жыйынга Шериктештик мамлекеттеринин жана Борбор Азиядагы Түркмөнстандан башка 4 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Сөз сүйлөгөндөр миналарды чыгарууга, сатууга жана колдонууга каршы кабыл алынган Оттава конвенциясына Шериктештик мамлекеттеринин ичинен Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан кол коё электигин белгилешти.

Өзбекстандын «Туристтер ассоциациясы» бейөкмөт уюмунун өкүлү Виктор Цойдун айтымында, кыргыз-өзбек чегарасындагы миналарды тазалоо маселеси өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдө чечилүүгө тийиш. Виктор Цойдун пикиринде, андай талкууга Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагындагы жолугушуулар жакшы кызмат өтөмөк.

Виктор Цой:
- Бул жерде өкмөттөр менен иштеш керек. ШКУнун алкагында жолугушат эмеспи. Ошондо алар миналарды тазалоо жана пайдалануу маселелерин талкуулашы зарыл. Бул маселени мамлекеттердин өнүгүшүнүн, Борбор Азия аймагынын өнүгүшүнүн тутумунда караш керек.

Цойдун айтымында, 1996-жылдан бери Борбор Азия мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүү боюнча “Улуу жибек жолу” доктринасы иштеп келатканы менен, аймакка келген туристтердин саны көбөйүп кеткен жок. Анын бир себеби – чет элдиктердин миналарга жарылуу коркунучунун сакталып калганында деди Цой:

- “Туризм жылы”, андан соң “Тоо жылы” жарыяланды. Бирок, андан келген туристтердин саны көбөйүп кетти деп айталбайм. Биринчиден, аймак дале болсо туруктуу дегендей абалда эмес, террордук топтордун кол салуу коркунучу дале бар, экинчиден миналар көмүлгөн жерлер бар, алар да коркунуч туудурат.

«Дүйнө дарыгерлери ядролук согушка каршы» эл аралык уюмунун Орусиядагы комитетинин өкүлү Роман Долговдун айтымында, Улуу атамекендик согуштан калган миналарды тазалоо иштери ушул күнгө чейин уланууда. 1946-жылдан бери 154 млн. мина тазаланган.

Роман Долгов:
- Бул көйгөйдүн канчалык олуттуу экенин белгилеш үчүн сиздерге айтайын: Орусиянын 4 облусунун аймагында эле жыл сайын 100 миңге жакын жарылуучу заттар тазаланат.

Анын айтымында, минага байланыштуу башкы көйгөйлөрдүн бири – минадан жапа чеккендерге жардам берүү тууралуу мыйзам КМШ өлкөлөрүнүн биринде да кабыл алынбаганы. Ошондон улам минадан жаракат алгандар катардагы майып катары эсептелип калат да, жарыбаган компенсация алууга аргасыз.

Кыргызстанда Өзбекстан койгон миналардын коркунучунун алдын алуу боюнча Кызыл жарым ай коомунун күчү менен быйыл январдан бери атайын программа иштей баштады. Ал коомдун Баткендеги өкүлү Кыялбек Сабытовдун айтымында, 1999-жылдан бери ондон ашуун жарылуу болуп, андан беш адам каза тапты. Азыр программанын алкагында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө деп билдерди Сабытов:

- Балдарга минадан сактануу боюнча машыгуу сабактарын өткөрөбүз. Миналар коюлган тараптарга эскертүүчү такталарды орноттук.

Кыялбек Сабытовдун сөзүнө караганда, миналар коюлган жерлердин картасын Өзбекстан ушул күнгө чейин кыргыз тарапка бербей келатканына байланыштуу миналардын коркунучун эскерткен такталарды орнотуу иштери бир топ эле кыйын болду.

П. Ганси атындагы жана “Кант” авиабазалары жайгашып, террордук топтордун кол салуу коркунучу азайганы менен, Кыргызстан Оттава конвенциясына кол коюуга шашылган жок. Анын себебин Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Улан Жусупов мындайча түшүндүрдү:

- Азыр Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү миналарды пайдаланбайт. Ошого карабай миналар арзан, натыйжалуу жана аттаандашсыз курал болуп эсептелет.
XS
SM
MD
LG