Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ЖАГДАЙЫ КАНДАЙ?


Бурулкан Сарыгулова, Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев, Мелис Кыясов, Бишкек «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык берүүбүздүн кезектеги чыгарылышын сунуштайбыз. Берүүнү Бурулкан Турдубек кызы алып барат.

Бурулкан Сарыгулова:
- Саламатсыздарбы, кадырлуу угармандар! «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык уктуруубуздун кезектеги чыгарылышы саясий партияларга жана алардын коомдо ээлеген ордуна арналат. Уктурууну даярдоого кабарчыларыбыз Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана Чүйдөгү кабарчыбыз Мелис Кыясов жардамдашты.

Эгемен Кыргызстанда партия түзүү саамалыгы 1991-жылдын этегинде башталып, алгачкылардан болуп «Эрк» жана «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиялары негизделген. Кийинчерээк оңчул, солчул жана чордончул багытты тутунган партиялардын саны кескин өсүп, азыр алар 41ге жетти.

Бул саясий партиялардын ишмердүүлүгү коомчулуктун кызыкчылыгына канчалык дал келип жатат? Президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн алдында ушул маселе ар кайсы чөйрөдө ар кыл өңүттө талкууга алына баштады. Ал түгүл «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын эки жаңы долбоору президенттин жана демилгелүү топтун атынан иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюлду. Мунун себебин авторлор саясий партиялардын сапатын көтөрүү аракети менен байланыштырышууда.

Демилгечи топтун мүчөсү, коммунист, парламент депутаты Николай Байло атуулдук коомдун калыптанышы саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө жараша болоорун айтат. «Бүгүнкү партиялар мындай милдетти аткара албай жатышат» дейт ал.

Николай Байло:
- Атуулдук коомдун жетилүү деңгээли партиялык саясий системанын калыптанышына жараша аныкталат. Азыр эми 12 жылда биз бул проблема Кыргызстан үчүн өтө курч бойдон калганына ынанып отурабыз. 40 саясий партия бүгүн коомдун тигил же бул катмарынын өкүлү катары өзүн көрсөтө алган жери жок.

Ошондуктан долбоорлордун өзөгүндө партиялардын санын азайтууга жана сапатын жакшыртууга байланышкан жоболор да бар. Анын жөн-жайын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков бизге мындайча негиздеп берди:

- Кеп элдин партияларга мамилесин өзгөртүүдө болуп атат. Өлкөдө болгону «Коммунисттер», «Атамекен», блок катары жаңы түзүлгөн «Алга, Кыргызстан» өңдүү 3-4 партия чындап иштеп атат. Калган 40 партия иштеген жери жок. Коомчулук болсо карап турат. Ошондуктан биз мыйзамга «эгер партия 7 жыл ичинде шайлоо жараяндарына катышпаса, бийлик үчүн күрөшпөсө, негизги максатын аткарбаса, ал сот чечими менен жоюлсун» деген жобо киргиздик. Бул дүйнөдө сыналган ыкма. Биз ушул жол менен партияларды коомдук турмушка катышууга мажбурлоону көздөп атабыз. Биз шайлоочулардын талап кылган саясатын жүргүзгүбүз келет.

Бирок мыйзам чегинде партиялардын санын азайтуу аракетин чоңураак партиялар колдоп, ал эми чакан партиялар муну демократияга кайчы келген көрүнүш катары баалап жатышат. Бул маселеге байланыштуу биз «Келечек долбоору» фондунун башчысы Ишенбай Абдуразаковду кепке тарттык. Бул маектен мурда мен Бакыт Аманбаевге сөз узатсам деп турам. Кесиптешим азыр өлкөдө партиялардын көбөйүшүнүн себебине, бул маселени саясат таануу илими кандай чечмелей тургандыгына кайрылат. Анда, Бакыт мырза, кезек сизде.

Бакыт Аманбаев:
- Ыракмат, Бурул айым. Саясат таануу илиминен бул тууралуу жетишээрлик деңгээлде түшүндүрмө табууга болот. Өзүңүздөргө маалым, ар кандай саясий партия коомдогу белгилүү бир топтун же социалдык катмардын кызыкчылыгын жогорку бийлик органдарында коргоо максатында түзүлөт. Тарых барактарына көз жүгүртсөк, дүйнө жүзүндө биринчи жолу бүгүнкү деңгээлдегидей саясий партия XVII кылымда Англияда түзүлгөн. Маселен, либералдык же «Вига» партиясы ошол кезде жаңыдан пайда болгон буржуазияны, ал эми консервативдик «Тори» партиясы мурдагы коомдук түзүлүштү жактаган социалдык катмардын кызыкчылыгын коргош үчүн түзүлгөн. Демек, азыр Кыргызстанда саясий партиялардын эң көп түзүлүп жатышынын башкы себебин биринчиден өлкөдө кызыкчылыктары, максаттары бирдей кандайдыр-бир коомдук катмардын толук калыптанып бүтө электиги менен түшүндүрүүгө болот. Ошондуктан, өзүңүздөргө маалым, Кыргызстанда түзүлүп жаткан саясий партиялар көпчүлүк учурда кандайдыр-бир саясий катмардын эмес, жогорку бийлик органдарына келүүгө умтулган белгилүү бир адамдын же аз сандагы топтун гана кызыкчылыгын коргоо максатында уюштурулууда. Маселен, Кыргызстанда соңку жылдары кырктан ашуун партия түзүлдү жана алардын көпчүлүгү эл арасында белгисиз.
Экинчиден, көп партиялуулуктун башкы себеби өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу ыкмасына байланыштуу болот. Маселен, президенттик башкаруу ыкмасы атаандаш эки же ашып барса үч партиянын гана калыптанышына өбөлгө түзөт. Анткени президенттик башкаруу ыкмасындагы өлкөлөрдө саясий күрөштүн башкы максаты - эң жогорку бийлик органы болгон президенттик кызматка келүү. Андыктан эртеби-кечпи, ал өлкөдөгү саясий партиялар аргасыздан саясий дарамети күчтүү адамды – президенттикке талапкерди колдош үчүн биригишет. Мына ушул өңүттөн алганда, 2005-жылдагы президенттик шайлоого чейин Кыргызстандагы саясий партиялар өздөрүнүн кызыкчылыгына, максатына карап эки же үч эң ири саясий топко биригиши шек туудурбайт. Көп партиялуулукка өлкөдөгү шайлоо системасы да таасирин тийгизет. Маселен, пропорционалдык шайлоо системасынын шартында шайлоо өнөктүгүн ийлиликтүү жүргүзгөн партиялар парламентте көп орун алууга жетишет. Ошондуктан мындай шайлоо системасы да көп партиялуулуктун калыптанышына шарт түзөт.

Бурулкан Сарыгулова:
- Бакыт Аманбаев ушундай тыянакка келди. Рахмат, Бакыт. «Келечек долбоору» фондунун башчысы Ишенбай Абдуразаков партиялардын биригишин жактайт, бирок жасалма аракет коомдук-саясий турмушта тыянак берээрине ишенбейт. Анда эмесе, азыр «Келечек долбоору» фондунун төрагасы менен болгон чакан маекти сунуштайтыз:

- Ишенбай мырза, Сиз партиялардын ыгы жок көп болушун жактабаган аналитиктердин бирисиз. Бул жагынан азыр партиялардын санын азайтуу демилгеси сизди ынандырдыбы?

- Негизинен партиялардын аз эле болгону жакшы. Элдин да башын айландырбай, ашып кетсе 4-5 партия болсо эле жакшы болот эле. Бирок алар биригүүгө жасалма жол издебей, тескерисинче табигый жол менен биригип, же шайлоонун алдында блок түзүү жолу менен барышса туура болот эле. Анан кээ бирөөлөр «жергиликтүү кеңештерге өткөн депутаттардын санына жараша иш кылалы» дешет. Жасалма болуп калат. Буга мен каршымын. Себеби, 3-4 партия административдик ресурсту колдонуп туруп эле тизмеде калып калат да, мамлекет тарабынан ыйгарылчу көмөктөр болсо, ал ошол партияларга берилип кетет.

- Биригүүнүн кандай жолу бар, сиздин оюңузча?

- Агымдан калбай өз шансын колдонгусу келген партиялар биригиши керек. Азыр үч эле жол бар. Алар – азыркы саясатты колдогон күчтөр, аны колдобогон күчтөр. Анан «азыркы саясаттын жакшы жактарын алып, тескери жактарын оңдоп, анан жаңыдан бир багыт менен чыгам» деген үчүнчү күч. Болду. Башка күч жок. Менимче, бир үч чоң блок болуш керек.

- Президенттик, парламенттик шайлоо жакындап келаткан бүгүнкү шартта эми ушундай блок жаралаарына ишенесизби? Божомолуңуз кандай?

- Эми мен аны айта албайм. Ачыгын айтканда, бүгүнкү кыргыздын психологиясын ойлонуп көрүп, «а-ай, кыйын го» деп калам. Ар бири эле өзүн эр ойлойт.

Анда эмесе, кепти партиялардын өздөрүнүн шайлоо алдындагы аракеттерине байланышкан иликтөө менен уланталы. Темага кесиптешим Бүбүкан Досалиева кайрылат. Бүбүкан, партиялардын келерки шайлоо алдындагы дымагы кандай көрүнөт? Эмнени байкоого болот? Ушул жагдайга кайрылсаңыз.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Бурулкан. Муну айрым партиялардын биригүүсү, маселен, төрт партия «Алга, Кыргызстан» аттуу бир партияга биригип, жер-жерлерде бөлүмдөрүн түзүп жатканы айгинелейт. «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылына бириккен оппозициялык маанайдагы партиялар да тымызын даярдык көрүп, тактикасын учурга жараша тактагысы келген маанайда турушат. Парламенттик жана президенттик шайлоолорго али бир жарым жылдай убакыт бар болсо да, парламенттик шайлоого тизме менен катыша алышпаса да, саясий партиялардын аракетинин күч алышын байкоочулар ар кандай түкшүмөлдөп жатышат. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин пикири боюнча, оппозициялык маанайдагы партиялар шайлоолордун адилет, калыс өтүшү үчүн коомду маалымдуу кылып, алардын аң-сезимин курчутуу аракетинде болуп жатышса, бийликти жактаган партиялар бийликти сактап калуу аракетин көрүп жатышат.

Топчубек Тургуналиев:
- Өкмөт тараптагы партиялардын баары тымызын тапшырма алган. Ал - келечекте да бийликти сактап калуу. Мисалы, төрт партия «Алга, Кыргызстан» деп биригишти. «Алга, Кыргызстандын» артында Акаевдер турат да! Бийликти мындан ары да эч кимге бербей, өзүнүн диктатордук мүнөзүнөн тайбай турган күчтөр адилеттүү атаандашууга бара алышпайт. Себеби, алар элдин колдоосунан эбак эле ажырап калган. Алардын бир гана жолу бар. Ал - сатып алуу. Элди алдап, 20% добуш алса «80% болду» деп алдап коюшу мүмкүн.

Ал эми Кыргызстан аялдарынын «Жаңы күч» аттуу саясий партиясынын төрайымы Токон Шайлиева жогоруда соз болуп жаткан демилгени саясий партиялардын сапатын арттыруу аракети Катары баалады. Ал өзү жетектеген партия да атын өзгөртүп, жаңыча иштөөнү көздөп калганын мындайча билдирди:

- Бул жаңылануу. Азыркы турмуштун, замандын шартына жараша жаңылануу десек болот. Ошон үчүн жаңы демилге менен партиябызды алдыга жылдыралы деген гана ой.

Токон Шайлиеванын ою боюнча, партиялык тизме менен парламентке шайлоо системасы эртеби-кечпи Конституцияга кайра киргизилиши зарыл. Партиялар ал үчүн өзүлөрүнүн идеясы менен программасын тактап, коомдо ала турган ордун салмактоого тийиш. Ошон үчүн саясий партиялар мамлекеттеги ар бир олуттуу окуя алдында багыт-милдеттерин аныктап, сапаттык деңгээлин жогорулатууга милдеттүү.

Ал эми борборчул партиялардын бири болгон «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев өзүлөрүнүн деңгээлин салмактоо менен бирге эле парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышышаарын жана анда жеңишке жетиш үчүн башка партиялар менен биригүүгө бараарын билдирди.

Муратбек Иманалиев:
- Кээ бир жакшы, ылайыктуу, билимдүү партиялар менен кеңешип жатабыз. Ошолор менен бирге чыгып, өзүбүздү талапкерлерди көрсөтө ала тургандай партиялар менен блок болобуз.

Бурулкан Сарыгулова:
- Рахмат. Бүбүкан. Партиялардын шайлоо алдындагы жагдайы ушундай экен. Ал эми коомчулук партиялардын дымагын канчалык деңгээлде кабылдайт? Калк арасында партиялардын реалдуу аброю канчалык? Ушул өңүттөгү суроолорго Чүйдөгү кабарчыбыз Мелис Кыясов эл ичинен жооп издеди. Назарыңыздарда элдин үнү:

Жаш улан:
- «Менин өлкөм» партиясын билем, «Эрк», «Атамекен» партиялары бар. Коомго тийгизген таасириби? Булардын максаты - бийлик талаш да.

Станбек:
- Тагыраак айтсам: пайдасынан зыяны көп.

Эстебек:
- Бүгүнкү күндө саясий иштерге жакшы катышып аткандар – «Менин өлкөм» менен «Атамекен» партиялары. Жалпысынан көп партиялуулук болгону менен, бир да партия элди алып кете албай атат. Коомго таасири байкала элек.

Максат:
- «Арнамысты», «Менин өлкөмдү», ошол эки-үчөөнү эле билем.

Гүлжан:
- Эч кандай партияны билбейт экемин. Бирок иштебеген партиянын кереги жок. Кыйналгандарга жардам беришсин. Азыр жан багуу, бала-чаканы багуу кыйын болуп атат.

Бейшеке Курманалиев:
- Саясий партиялар абдан көбөйүп кетти го.

Кенже:
- Саясий партиялардан «Атамекенди» билем. Анан Куловдун партиясын билем. Андан башка көп деле партияны билбейм. Пайдасын деле көргөн жокмун.

Ардагер:
- Белгилүүлөрү - Коммунисттик партия, «Атамекен», «Арнамыс». Анан негизи партиянын максаты элге пайда келтирүү болушу керек да. Аракет кылып атышат, бирок жыйынтык ойдогудай болбой атат окшойт.

Бурулкан Сарыгулова:
- Мелис Кыясов сиздерди элдин пикири менен тааныштырды. Коомчулуктун, талдоочулардын пикирлерине караганда, саясий партиялардын азыркы өксүктөрү - коомдун өнүгүшү менен ордуна коюлуучу убактылуу көрүнүш. Бирок саясий уюмдардын бийликке жетишинин негизги өбөлгөлөрү - Кыргызстанда ириде социалдык жана финансы базасын чыңдоо. Бул багытты эл аралык уюмдар да колдошот. Бирок алар партиялардын ар кандай чектөөлөрдөн тышкары, бийликтен көз карандысыз, эркин өнүгүшүнө жана бул жагдайлардын мыйзамдарда көрсөтүлүшүнө ынтызар.
XS
SM
MD
LG