Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы кошуна өлкөлөргө сапарга даярданууда


Ирактын "Башкаруучу кеңеш" деп аталган убактылуу өкмөтүнүн учурдагы башчысы Жалал Талабани 19-ноябрда кызмат сапары менен Түркияга, андан соң Сирия менен Иранга бармай болду. Анын айтымында, Түркия Иракка аскер жибербейт:
- Иракка түркиялык аскерлер келбейт. Күрдистанда жайгашкан түрк аскерлерин күрддөр чакырган, бирок коалициялык күчтөр жана күрддөр менен - алардын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Анкара, Дамаск жана Тегеранда Талабани жергиликтүү жетекчилер менен жолугуп, Түркия, Сирия жана Иран менен Ирак ортосундагы мамилелерди оңдоо маселелерин талкуулайт.

XS
SM
MD
LG