Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

ПРОКУРАТУРА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН АКЫСЫН КҮЧ МЕНЕН ӨНДҮРӨ БАШТАДЫ


6-ноябрда Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Канат Аманкулов менен Сумар Насиза Коопсуздук кеңешинин быйыл 18-октябрда өткөн жыйынынын чечимдери кандай аткарылып жатканы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү. Коопсуздук кеңешинин ал жыйынында энергетика тармагындагы абал каралган болчу. Прокуратура кызматкерлеринин айтымында, электр энергиясы үчүн карыздарын төлөбөй келген жогорку кызматтагы адамдардан тартип коргоо органдары акча өндүрүү иштерин жүргүзө башташты.

Коопсуздук кеңешинин быйыл 18-октябрда өткөн жыйынында энергетика тармагындагы абал талкууга алынып, укук коргоо органдарына электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдөн акча өндүрүү иши тапшырылган. Натыйжада Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын адистеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Энергетика тармагындагы абал соңку жылдарда, өзгөчө мурдагы «Кыргызэнерго» акционердик коому үчкө бөлүнгөн соң оорлогону белгилүү. ГЭСтер өндүргөн электр энергиясы уурдалып, сатылганынын болсо акчасы кайтарылбай, айтор татаал кырдаал түзүлгөн. Алсак, «Түндүк электр» компаниясында коммерциялык жоготуу, башкача айтканда электр энергиясын уурдоо 45% түзөт. Ошол себептен мамлекет башчысы жетекчилик кылган Коопсуздук кеңешинин 18-октябрдагы жыйынында энергетика тармагындагы кемчиликтерди укук коргоо органдарынын күчү менен оңдоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Башкы прокуратуранын мыйзам актыларын аткарууга көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Аманкуловдун бул маалымат жыйынында айтканына караганда, 18-октябрдан 5-ноябрга чейин 43 кылмыш иши козголуп, анын бешөө сотко өткөн.

К.Аманкулов:
- 18-октябрдан тартып 25-октябрга чейин 2,4 млн. сом өндүрдүк. 29-октябрдан 5-ноябрга чейин 34 млн. сомдон ашык акча өндүрүп бердик. Анын 16,2 млн. сому - накталай акча.

Канат Аманкуловдун айтымында, Башкы прокуратуранын кызматкерлери электр энергиясын жагып, бирок анын акчасын төлөбөй жаткан бийлик өкүлдөрүнөн акча өндүрүүгө басым жасашты. Андайлардын катарында райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, акимдердин орун басарлары, акимдердин балдары бар. «Жалалабад облусундагы электр энергиясына карыз болгон керектөөчүлөрдүн 45% милиция кызматкерлери экен», - дейт Канат Аманкулов:

- Акимдердин, соттордун, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын жана прокуратура кызматкерлеринин электр энергиясы үчүн карыздары көп. Мисалы, айтып кетсек, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын 5 миң сомго жакын бересеси бар. Сокулук районунун акиминин орун басары Усупбекова 1300 сом карыз, Сокулук райондук кеңешинин төрагасы Жекишевдин 2700 сом карызы бар. Ошол эле райондун 7 айыл өкмөтүнүн башчылары жалпысынан 41,3 млн. сом карыз. Сокулук айылында «Элнора» деген кафе-дүкөн бар. Ал кафе электр энергиясына 90870 сом карыз. Жыл башынан бери акысын төлөгөн эмес. Кафе Биримкулов Алибек Темирлановичке карайт. Ал атуул болсо Сокулук районунун акиминин баласы.

Мекеме-уюмдар арасынан Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайы электр энергиясына 450 миң сом карыз болгон. Прокуратура кызматкерлери текшере келсе, Спорт сарайында сауна, бильярд залы, кафе сыяктуу киреше булактары жайгашыптыр. Күч органдары киришкенден кийин Спорт сарайынын жетекчилиги карызын төлөп берген.

Башкы прокурордун жардамчысы Сумар Насизанын айтымында, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү электр энергиясы үчүн карызды өндүрүүдө жакшы иштебей жатышат. Сумар Насиза мисал катары Ташкөмүр шаарынын мэринин ишин айтып өттү. «Прокуратура кызматкерлери киришкенге чейин Ташкөмүр шаары 44 млн. сом карыз болчу, эки аптанын аралыгында 2 млн. сомдон ашык акчаны кайтардык», - деди Сумар Насиза. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери электр компанияларынын үстүнөн да кылмыш ишин козгой башташты.

Сумар Насиза:
- Ал тургай биз электр энергиясы үчүн акча чогултуучу адамдардын үстүнөн да кылмыш ишин козгой баштадык. Бул маалымат жыйынына келээрдин алдында биздин кызматкерлер мага «Чыгышэнерго» акционердик коомунун жетекчилигинин үстүнөн кылмыш иши козголгонун айтышты. «Чыгышэнергонун» жетекчилиги пайдаланылган энергиянын көлөмүн көбөйтүп жазып отчет берип келишкен.

Сумар Насизанын айтымында, «Чыгышэнергонун» жетекчилиги «элден 64 млн. сом аласабыз бар» деген туура эмес маалымат берип келишкен. Текшере келишкенде, “энергияны алды” деген айрым фирмалар дегеле болбогондугу аныкталган.

Канат Алымкуловдун айтымында, 18-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 45 млн. сом карыз өндүрүлгөн. Энергетика тармагынын жалпы аласасы 950 млн. сом деген маалымат бар. Эми прокуратура кызматкерлеринин алдында анын канчасы нак акча, канчасы «Чыгышэнергонукуна» окшогон «жел» акча экенин текшерүү милдети турат. Энергетика компанияларынын жетекчилери өндүрө албаган карызды ошентип Улуттук коопсуздук кызматы, прокуратура өндүрө баштады. Айрым талдоочулар бул көрүнүштү энергетика тармагынын кризиси катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG