Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Ирактагы коалициянын күчтөрү үчүн алдыдагы кыш оор болот, аларга кол салган аракеттер күч алышы мүмкүн. Британдык “Таймс” гезитинде премьер-министрдин атайын өкүлү Питер Гринсток ушундай апазын билдирди. Анын сөздөрүнө ылайык, британ аскер бөлүктөрү Иракта 2005-жылга чейин калышы ыктымал. Ал эми америкалык контингенттин саны алдыдагы жарым жылда 32 миңге кыскартыла турганын аскери штаб башчылардын Бириккен комитетинин орунбасар төрагасы Питер Пейс ырастады.

Питер Гринстоктун айтымында, террорчулар Иракты апалаң-тапалаңга түшүрүп, өлкөнүн будуң-чаңын чыгаргысы келет. Буга кошумча болуп коңшулаш өлкөлөр, өзгөчө Сирия, Иран жана Сауд Аравиясы жылга-жыбыт аркылуу жыла басып Иракка кирип жаткан ар кошкон террористтердин жолун тоскону иш жүзүндө эч кандай чараларды көрбөй жатат. Ушул себептен улам Ирактын убактылуу башкаруучу кеңеши коңшулар менен коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу боюнча атайын келишимдин долбоорун даярдап, ички иштер министрлеринин конференциясын чакыруу демилгесин көтөрдү. Азырынча мындай жыйын качан жана каерде болору белгисиз.

Ирактын утурумдук башкаруучу кеңешинин учурдагы төрагасы Жалал Талабани да шаршемби күнү Багдаддагы пресс-конференцияда бул темага атайын токтолду. Сириянын өкмөтү террористтердин агымын токтотуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасаган жок, деп айтты ал. Иракка мындан тышкары Иран, Сауд Аравиясы аркылуу да террорчулар өтүп келүүдө. Бирок Талабани жоопкерчиликти бул үчүн аталган өлкөлөргө жүктөгөнгө батынбады, болгону аларды өз чек араларын каттуу кайтарууга чакырды.

Бул чакырыкка жооп кайтаргансып Сириянын президенти Башар Асад эки өлкөнүн чек арасын чычкан мурду жойлогустай кылып бекитип салганга дээрлик мүмкүн эместигин билдирди. Ар бир үч чакырым жерде күзөт бекети турганы менен чек ара тилкесине көзөмөл жүргүзүү өтө кыйын, деп билдирди Асад кувейттик депутаттардын делегациясын кабыл алган кезде. Бул үчүн эки тараптан тең бирдей аракеттер керек.

Кошмо Штаттары, аскери штаб башчылардын Бириккен комитетинин найып төрагасы генерал Петер Пейс ырастагандай, алдыдагы алты айда Ирактагы аскер контингентин 32 миң адамга кыскартканы жатат. Миңдеген солдаттарды кезмет ыкмасы менен резервдеги аскерлер алмаштырат. Коалициянын күчтөрүнө Иракта кызмат кылуу оңой болбостугун мындан мурда Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд өзү да моюнга алган эле. Бейшемби күнү америкалыктар дагы эки солдатынан ажырашты. Алардын бири Багдаддын четиндеги райондо кайгоол күзөтүндө жүргөндө буктурмадан атылган окко учту. Экинчиси Сирия менен тогошкон чек арада минага кабылып, мерт болду. Кербалада польшалык аскер бөлүктөрүнө да кол салынап,бир офицер жараат алды.

Фаллужа шаарына жакын жерде америкалык аскерлер азыр масштабдуу операцияларды өткөрүп жатышат. Анын жүрүшүндө Хусейндин мурдагы эки генералы туткунга алынды, алардын ысымдары азырынча аталган жок. Америкалык командачылыктын айтымында, алар бул жерде козголоңчу отряддарды түзүп, анын катарына калк арасынан ыктыярдууларды жалдап алып турушкан. Фаллужадагы бир катар бүлүк-бүлгүн иштерин уюштурушкан.

Ирактагы коалицияны толуктоо үчүн Түркия да аскер контингентин жөнөтмөк болгон эле. Бирок Анкара менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөр соңку күндөрү дээрлик токтоп калды. Айтымда, америкалыктар бул идеядан биротоло айный баштаган шекилденет. Анын үстүнө Ирактын убактылуу башкаруучу кеңешинин башчысы Талабани ашыкбаш түрк аскерлеринин кажети жок деп билдирди. Анын сөздөрүнө ылайык, Ирак үчүн түндүктөгү Күртстан чөлкөмүндөгү түрк аскерлери эле жетишет.
XS
SM
MD
LG