Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Журналисттерге «Алтын калем» баштаган сыйлыктар тапшырылды


БИШКЕК. Эртеңки Басма сөз күнүнө карата бүгүн кечке жуук президент Аскар Акаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жыл сайын берилүүчү «Алтын калем» сыйлыгын ыйгарды. Быйыл бул сыйлыкка «Вечерний Бишкек» гезитинин бөлүм башчысы Виктор Виноградов, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын комментатору Рахат Кеңешова, ушул эле корпорациянын башкы редактору Байма Сутенова, «Пирамида» телерадиокомпаниясынын башкы редактору Элина Чернявская татыктуу болушту. «Алтын калем» ээлерине 20 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары, «Слово Кыргызстана», «Бишкек таймс», «Агым», «Айданек», «Акыйкат жарчысы», «Российская газета», «Московский Комсомолец в Кыргызстане» гезиттерине, КТРдин «Жетиген», «Апта» жана КООРТ телекөрсөтүүсүнүн «Апта» программаларына 15 миң сомдон сыйлык ыйгарылды. Дагы 17 журналист мыкты деп табылып, аларга 5 миң сомдон сыйлык берилди. Алардын арасында «Азаттык» радиосунун кабарчысы да бар. Ушул эле күнү өлкөдө иштеп жаткан журналисттерге парламенттин эки төрагасынын атынан сыйлыктар да ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG