Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

«АЛ-КАИДАНЫН» АЙЛАНАСЫНДА ТҮКШҮМӨЛ СУРОО АРБЫН


АКШдагы 11-сентябрдагы теракттардан бери 2 жылдан ашуун мезгил өткөнү менен, ал коогалуу окуялардын тегерегинде дагы көптөгөн суроолорго жооп табыла элек. Жакында Кошмо Штаттардын Конгрессинде өткөн талкуу учурунда ал окуялар боюнча тергөө иши АКШдагы эң башкы жана эң татаал иликтөө деп аталды. Ушул аптада Вашингтондун расмий өкүлдөрү "ал-Каида" уюму 11-сентябрдын алдында Америкага дагы бир канча жанкечтисин жөнөтүүгө аракеттенген деп билдиришти.

11-сентябрдагы окуялардан көп өтпөй, АКШнын иликтөө мекемелери 3000ге жакын адамдын өмүрүн алган ал теракттарды учактарды айдай качкан 19 жанкечти жүзөгө ашырганын жарыялашкан. Басымдуу бөлүгү – Сауд Арабиянын жарандары болуп чыккан ал жанкечтилер Кошмо Штаттарда 2001-жылдын июнь айынын этегинде топтолгон экен. Жакында Конгрессте жабык эшик артында талданган АКШнын чалгындоо жана иликтөө мекемелеринин биргелешкен документинде Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору менен Пентагонду бутага алган 3 учактын ар биринде бештен жанкечти, ал эми Пенсильвания штатында максатына жетпей токойдун үстүнө кулаган төртүнчү учакта төрт гана террорчу болгону маалымдалат. Андан улам, тергөөчүлөр балким, учактагы бешинчи жанкечтинин ысымын аныктоо, же ал кандай себептен улам карасанатай ишке катышпай калганын тактоо аракетинде.

Иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу жарыяланган азыноолак маалыматтар боюнча, 11-сентябрдагы теракттарга чейин эле кармалган Франциялык араб, "ал-Каиданын" мүчөсү экенин мойнуна алган Закариас Муссауи ал учакка түшпөй калган бешинчи жанкечти болушу күмөндүү. Андан көрө америкалык тергөөчүлөр каргашалуу окуялардан көп узабай, Германиянын Гамбург шаарында изи табылган эки ал-каидачынын бири ошол ишке катышмак деген пикирге көбүрөөк ыкташат. Анткени алардын бири, Рамзи Биналшибх 2000-жылы Американын визасын алууга удаасы менен төрт ирет аракет жасап, АКШдагы досу аны алдын-ала эле Флорида штатындагы учкучтарды даярдоо курсуна жаздырып койгон экен. Америка элчилиги ага виза бербей койгон соң, 11-сентябрдагы теракттар маалында Гамбургда болгон Биналшибх 2002-жылы Пакистанда кармалган бойдон түрмөдө отурат. Анын Германиядагы шакирти Закария Эссабар 2001-жылдын башында АКШ визасын сурап кайрылып, терс жооп алган соң, белгисиз тарапка жөнөп кеткен боюнча алигиче дайын-дарексиз.


АКШ Конгрессинде маалымат берген Федералдык иликтөө бюросунун өкүлдөрү 11-сентябрдагы теракттар алдында "ал-Каида" уюму дагы бир нече жашоого кайыл мүчөсүн Америкага жөнөткөнгө умтулганы аныкталды деп билдиришти. "Ассошиэйтед пресс" кабар агенттиги маалымдагандай, Федералдык иликтөө бюросу 11-сентябрдагы теракттардын алдында "ал-Каиданын" активдүү мүчөсү АКШда болуп кеткенин тактаган, анын ысымы тергөөнүн кызыкчылыгында жашыруун сакталууда.

Шаршембиде коомчулукка үстүртөн тааныштырылган АКШнын Федералдык иликтөө бюросу менен Юстиция министрлиги биргелешип даярдаган докладда ошентип, эң негизгиси – 2001-жылдын 11-сентябрында "Ал-Каида" Америкага каршы абдан олуттуу кол салуу пландаштырганына басым жасалат. Тергөө маалында аныкталгандай, дагы бир нече ал-каидачы Америкага бара албай, айрымдары белгисиз себептерден улам ал күнкү чабуулга катышпай калышкан. АКШнын иликтөө органдары эки жыл мурунку каргашалуу окуяга катышпай калган ал адамдардын дайын-дарегин аныктоо аракетинде, анткени алар аркылуу "ал-Каиданын" азыркы ишмердиги, алдыдагы пландары тууралуу маалымат топтоо – Америкадагы эң башкы тергөө ишинин баарынан татаал бөлүгү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG