Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

ШРИ-ЛАНКАГА КАРА ТҮНӨК КҮНДӨР КАЙТЫП КЕЛДИБИ?


Шаршембиде Шри-Ланканын президенти Чандрика Кумаратунганын буйругу менен өлкөдө чукул кырдаал абалы жарыяланды. Эми президентке чексиз бийлик, анын ичинде парламентти таркатуу, маалымат каражаттарын цензуралоо жана башка ушул өңдүү укук берилди. Бул кадам тамил козголоңчулары маселесинен улам мамлекет башчысы менен премьер-министр ортосунда келип чыккан тирешүүнү ого бетер курчутту.

Анын алдында, шейшембиде, президент Кумаратунга парламенттин ишин эки аптага убактылуу токтотуп, күч колдонуу министрликтеринин башчыларын кызматтан алган эле. Чукул кырдаал жөнүндөгү мыйзамга ылайык, президентке түздөн түз баш ийген армияга эбегейсиз ыйгарымдар берилет. Баш калаа Коломбодо чакан сандагы аскерлер жайгаштырылды. Эми аскерлер адамдарды көчөлөрдөн кармап кетүүгө, шектүү деп эсептелген кишилерди суракка алууга, үйлөрдү тинтүүгө укукту. Андан тышкары мамлекет башчы мыйзам чыгарууга жана маалымат каражаттарын цензуралоого мүмкүнчүлүк алды. Президенттин жардамчысы Эрик Фернандо шаршемби күнү Ассошиейтед Пресске билдиргендей, мындай чара өлкөдөгү “коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүп жатат”.

Бирок Кумаратунга өзүнүн негизги атаандашы, өлкөнүн министрлер кабинетинин башчысы Ранил Викремесингеге каршы аракеттенип жатканы айдан ачык дешет байкоочулар.

2001-жылы Викремесингенин партиясы, тынчтык платформасына таянып, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. Президент Тамил козголоңчулары менен сүйлөшүүлөрдө өкмөт сепаратисттерге көп артыкчылык берүүдө деп эсептейт. Андан тышкары жакында кабинет тарабынан өлкөнүн жаңы бюджети бекитилди. Ага ылайык, мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштегендердин маянасы көбөйтүлөт, дыйкандар менен пенсионерлердин жашоо шарттары жакшыртылмакчы. Ошентип, тынчтык процессин кайра жандантуу демилгеси менен катар, экономикалык өзгөртүүлөр да премьерге кошумча саясий упай алып келээринен күмөн жок. Албетте, мындай жагдайда президенттин атаандашынан коркууга негизи бар.

Шри-Ланканын Тамилдер Шри-Ланканын өздөрү басымдуулук кылган аймактын эгемендүүлүгү үчүн көптөн бери күрөшүп келатат. 20 жылга уланган граждандык согуш 65 миңге жакын кишинин өмүрүн алып кеткен. Былтыр өздөрүн “Тамил жолборстору” деп атаган сепаратисттик кыймыл ок атышууну токтотуу жөнүндө өкмөт менен макулдукка келишкен. Бирок бир нече убакыттан бери козголоңчулар тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотуп, Тамилдер жашаган түндүк-чыгышта аларга көбүрөөк административдик укуктар берилсин деген талап койшууда. Ал аткарылмайынча, жикчилер тынчтык процессин улантуудан баш тартышаарын билдиришүүдө.

Ушу тапта АКШда сапарлап жүргөн өкмөт башчы Викремесинге президент Буш менен жолугушуусу маалында чукул кырдаал киргизүү жана президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейтүү граждандык согушту токтотууга багытталган аракеттерди үзгүлтүккө учурпайт деген үмүтүн билдирди. Мамлекет башчы Кумаратанга да ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишим бузулбай турганына ишендирүүдө. Ошентсе да, козголоңчулардын армиясы күжүрмөн кырдаал абалына келтирилди.

Ак-Үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин премьер анын өлкөсүндөгү окуяларды бир аз жымсалдоого аракет жасады. “Бул – Шри-Ланкадагы саясаттын бир бөлүгү. 25 жылдан бери биз өөдүк-сөөдүктөргө күбө болуп отурабыз”, - деди Викремесинге. Ал ошондой эле парламенттин басымдуу бөлүгү өкмөт тарабында экенин кошумчалады. Айткандай эле, шаршембиде депутаттардын көпчүлүгү премьер-министрге колдоосун билдиришти. Эмгек министри Махинда Самарасинге: “Биз премьерге толук ишенебиз”, - деп 225 орундуу Парламенттин 124 мүчөсү кол койгон каттын мазмунун кабарчыларга окуп берди.

Саясий кризис башталгандан бери каңкордугу, ырайымсыздыгы менен белгилүү “Тамил жолборстору” өлкөдөгү өнүгүүлөргө карата билдирүү жасай элек. Ал эми тамилдер басымдуулук кылган түндүктүн башкы шаары Жаффнада калайык шашылыш түрдө азык-түлүк, бензин жана башка эң керек деген нерселерди жыйып атышат. Борбор калаа Коломбодо да көпчүлүк эл эски заман кайтып келет деген чочуулоосун жашырбайт. “Кара түнөк күндөрдүн кайтып келүүсүн каалабайбыз”, - дейт коломболук Фернанадо атуу жигит. Айта кетчү жагдай, граждандык согушту токтотуунун алдында да чукул мыйзамдар киргизилген. Козголоңчуларга байланышы бар деген шек менен миңдеген адам кармалган ошол күндөр элдин жүрөк үшүн алып койгондой.

Шри-Ланкадагы окуялар дүйнө мамлекеттерин тынчысыздандыра баштады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Америка тынчтык жараянын улантууга аракет көрүп жаткан Шри-Ланканын өкмөтүн колдой турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG