Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Тажик - өзбек чек арасында минага кабылып, Тажикстандын эки атуулу каза тапты, үчөөсү жаракат алды


Курман болгондордун бири, жаракат алгандардын үчөөсү тең жаш балдар. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, окуя кечээ болгон. Балдар минага отун терип жүргөн учурунда кабылган. Ал эми курман болгон баланын атасы уулуна жардамга келе жатканда өзү минага жарылып каза тапты. Өзбекстан тарап исламчыл согушкерлерден коргонуу максатында чек арага койгон миналардын Кыргызстандын да 5 жараны курман болуп, бир нечеси жаракат алганы маалым.

XS
SM
MD
LG