Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

АКШ президенти Жакынкы Чыгышта демократия орношун талап кылууда


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон шаарында "Демократия үчүн улуттук фонддо" чыгып сүйлөп, Жакынкы Чыгыштагы жетекчилер өз бийлигин легетимдүү кылам десе, демократияны кабыл алууга тийиш деп билдирди:
- Батыш өлкөлөрү Жакынкы Чыгышта азаттык жоктугуна 60 жыл бою чыдап келген, бирок ал коопсуздукту баары бир камсыз кылган жок. Алыскы келечекти караганда, эркиндиктин эсебинен коопсуздукту сатып ала албайсың. Азаттык өнүкмөйүнчө, Жакынкы Чыгыш сенектик менен кылмыштын аймагы бойдон кала берет жана ал кошуна чөлкөмдөргө да тарайт.
Президенттин айтымында, абал өзгөчө Иракта начар жана түзүлгөн жалпы жагдай үчүн Батыш өзү да жооптуу.

XS
SM
MD
LG