Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Тажикстан чек арада эки жараны минага жарылып өлгөнүнө байланыштуу Өзбекстанга нааразылык нотасын тапшырды


Ушул апта башында чек арага жакын жерде ойноп жүргөн төрт тажик өспүрүм минага кабылып, бирөө ошол жерден жан берип, үчөө жарадар болушкан. Көп өтпөй, өлүмгө учураган баласын алып кетем деп барган анын атасы экинчи бир минага жарылып каза тапкан. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу жазылган тажик өкмөтүнүн нааразылык нотасында Өзбекстандан чек арадагы тажик жарандарынын бейажал өлүмүн токтотуу талап этилген. Анда айтылгандай, ушуну менен Тажикстандын 50дөн ашуун жараны чек арадагы миналарга жарылып жантаслим болушту.

XS
SM
MD
LG