Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы демократия доктринасы сынга кабылды


Кечээ кечинде сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдү демократияны колдоого үндөп, эркин жана стабилдүү Ирак – келечекте жалпы чөлкөмгө жагымдуу таасирин тийгизет деп басым жасаган.
Жорж Буш:
- Ирактагы демократиялык аракеттер ишке ашпай калса, дүйнө жүзүндөгү террорчулардын чырагына май таамп, америкалыктардын жана Жакынкы Чыгыштагы миллиондогон адамдардын үмүтүн таш кабат. Иракта демократия жеңсе, анда ал Сириядан Иранга чейинки кеңири аймакта жашаган элдердин келечеги эркин болорунун белгиси.
Буш аркы сөзүндө ал Палестина менен Ирандын жетекчилигин демократиялык реформаларды артка тартып жатат деп айыптаган. Жума күнү Ирандын тышкы иштер министрлиги Буштун бул айткандарын "кооптондурчу кабар" катары бааласа, 22 мамлекетти бириктирген Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса реформалар чет элдиктердин буйрук-талабы боюнча жүргүзүлбөйт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG