Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Кант кызылчасын өстүргөн таластык дыйкандардын талабы боюнча үч күндөн бери продукциянын баасы кайра жогорулады


ТАЛАС. Бул жөнүндө Талас облустук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба секторунун башчысы Байыш Дүйшөбаев «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады. Анын айтымында, быйыл Талас облусунда 10000 тонна кант кызылчасы өстүрүлүп, дыйкандар Маймак станциясындагы кабыл алуу пунктуна бир тоннасын 1150 сомго өткөрө башташкан. Бирок 1-ноябрдан тартып ал 1000 сомго түшүп, бул өз кезегинде дыйкандардын дооматтарын пайда кылган. Дыйкандардын өтүнүчүн эске алып, губернатор Искендер Айдаралиев бааны жогорулатуу тууралуу Кайыңды кант заводунун жетекчилигине маселе койгон соң, 5-ноябрдан тартып бир тонна кызылча Маймактан 1150 сомдон кабыл алына баштады. Казакстанда Грозникова айылында, Тараз шаарында да анын баасы 1200 сомго көтөрүлдү. Бирок кызылча боюнча башка проблемалар да жок эмес. Учурда Маймак станциясындагы кабыл алуу пунктунда 23 миң тонна кант кызылчасы түшүрүлсө, вагондор жетишпегендиктен анын 53 тоннасы гана Кайыңды кант заводуна жөнөтүлдү.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG